Бир катар мыйзам долбоорлору кабыл алынды

Бир катар мыйзам долбоорлору кабыл алынды

Бүгүн, 27-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында каралган мыйзам долбоорлоруна добуш берилди. Жыйынтыгында бир катар мыйзам долбоорлору кабыл алынды.

Биринчи окууда:

  • “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Жер казынасы жөнүндө” “Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралуу” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Маматалиев М.А.);
  • “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кылмыш-жаза кодексине жана Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы, кир.№ № 6-7661/22, 22.04.2022).

Экинчи окууда:

  • “Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 28.08.18деги № 404 токтом);
  • “Контрчалгындоо иши жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 09.12.19дагы № 671 токтом);
  • “Тышкы чалгындоо иши жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 26.08.19дагы № 427 токтом);
  • “Чалгындоо жана контрчалгындоо ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 25.12.19дагы № 705 токтом);
  • “Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 22.09.20дагы № 497 токтом);
  • “Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 17.12.20дагы № 616 токтом);
  • “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 27.01.20дагы № 35 токтом);
  • “Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 24.08.20дагы № 436 токтом).

Үчүнчү окууда:

  • “2022-жылдын 4-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Жашыл климаттык фонддун аккредиттелген уюму катары Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) ортосундагы “Кыргыз Республикасында токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртекти секвестрациялоо (CS-FOR)” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө долбоордук макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы, кир.№ № 6-6913/22, 15.04.2022).

Ал эми “Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 70 жылдыгынын жана Кыргыз Республикасындагы 1938-жылдагы саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүүнүн 80 жылдыгынын урматына мунапыс берүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Масалиев И.А., Мамытов Т.Т., Икрамов Т.И., VI чакырылышынын депутаттары Рыспаев К.Ж., Мусабекова Ж.А.) четке кагылды.

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!