1977 – жылы 31 – мартта Ош облусунун Кара – Кулжа районунда туулган.
1994 – жылы Кара – Кулжанын 1 – май айылындагы Алмаз Субанов атындагы орто мектепти алтын медаль менен аяктаган.
1999 – жылы Ош МУнун юридикалык факультетин артыкчылык диплому менен бүтүрүп, юрист кесибине ээ болгон.
2009 – жылы Япониянын КОБЭ университетиндеги магистратураны аяктап, саясат таанычуу же саясат илимдердин магистри илимий даражасына ээ болгон.
1999 – 2005 – жылдары ОшМУнун окутуучусу (юридикалык жана кыргыз филологиясы факультетинде), юрист жана ректордун кенешчиси болуп иштеген.
2005 – 2007 – жылдары тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы;
2009 – 2010 – жж. Кыргыз Республикасынын Президентинин катчылыгында эксперт;
2012 – 2013 жж. КР ТИМде башкармалыктын башчысы;
2013 – 2015 жж. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын бөлүм башчысынын орун басары,;
2015 – 2019жж. «Ыйман» фондунун төрагасы;
2019 – 2021 жж. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары, кийинчиреек министри болуп иштеген.
2021 – жылдын ноябрь айынан баштап Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты.
Сётокан карате боюнча Улуттук федерациянын президенти.
Υй – бүлөлүү, үч кыздын атасы.