1958-жылдын 27-майында Ош областынын Жаңы-Ноокат районунун Караван айылында туулган;
1975-жылы Баткен шаарындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектебин аяктаган;
Билими жогорку. 1983-жылы Рига Кызыл Туу ордендүү жарандык авиациялык инженерлердин Ленин комсомол атындагы институтунун учуучу аппараттарды жана авиакыймылдаткычтарды эксплуатациялоо боюнча инженер-механик квалификациясына ээ болгон;
1988-жылы Киев шаарында СССРдин МККнын (КГБ) жогорку курсун бүтүргөн;
2002-жылы Кыргыз мамлекеттик Улуттук университетинин «Финансы жана кредит» адистигине ээ болгон;
1983-1987-жылдары Манас аэропортуна караштуу Фрунзе биргелешкен авиаотрядынын Авиа техникалык базасында инженер;
1987-1993-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде оперативдик кызматкер, ага оперативдик кызматкер жана бөлүмдүн башчысы;
1993-1994-жылдары «Кыргызстан аба жолдору» Улуттук авиакомпаниясынын Президентинин жардамчысы, авиациялык коопсуздук болумунун башчысы;
1995-1997-жылдары «Кыргыз Жер» акционердик коммерциялык банкынын төрагасынын кеңешчиси;
1997-1998-жылдары «Кыргызстан аба жолдору» Улуттук авикомпаниясынын Президентинин жардамчысы;
21.03.2000-2.10.2000-жылдары Баткен областтык мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатордун кеңешчиси, пресс-катчысы;
2000-2001-жылдары Баткен областтык мамлекеттик администрациясынын аппаратынын өнөр жай, курулуш жана коммуникация бөлүмүнүн башчысы;
2001-2004-жылдары «Баткен» авиаишканасынын генералдык директору;
2004-2004-жылдары Баткен облусттук суу чарба башкармалыгынын финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
2005-2008-жылдары Баткен областтык мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатор;
2008-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси;
2010-2010-жылдары Баткен облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатордун орун басары;
2010-2011-жылдары Баткен областтык мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатор;
2011-жылдын январь айынан 2011-жылдын ноябрь айына чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси;
2021-жылы «Ыйман Нуру» саясий партиясынын тизмеси менен VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.
Үй бүлөлүү, 3 баланын атасы.