Бүгүн, 27-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында каралган мыйзам долбоорлоруна добуш берилди. Жыйынтыгында бир катар мыйзам долбоорлору кабыл алынды.
Биринчи окууда:
- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Жер казынасы жөнүндө” “Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралуу” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Маматалиев М.А.);
- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кылмыш-жаза кодексине жана Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы, кир.№ № 6-7661/22, 22.04.2022).
Экинчи окууда:
- “Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 28.08.18деги № 404 токтом);
- “Контрчалгындоо иши жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 09.12.19дагы № 671 токтом);
- “Тышкы чалгындоо иши жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 26.08.19дагы № 427 токтом);
- “Чалгындоо жана контрчалгындоо ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 25.12.19дагы № 705 токтом);
- “Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 22.09.20дагы № 497 токтом);
- “Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 17.12.20дагы № 616 токтом);
- “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 27.01.20дагы № 35 токтом);
- “Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 24.08.20дагы № 436 токтом).
Үчүнчү окууда:
- “2022-жылдын 4-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Жашыл климаттык фонддун аккредиттелген уюму катары Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) ортосундагы “Кыргыз Республикасында токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртекти секвестрациялоо (CS-FOR)” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө долбоордук макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы, кир.№ № 6-6913/22, 15.04.2022).
Ал эми “Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 70 жылдыгынын жана Кыргыз Республикасындагы 1938-жылдагы саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүүнүн 80 жылдыгынын урматына мунапыс берүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Масалиев И.А., Мамытов Т.Т., Икрамов Т.И., VI чакырылышынын депутаттары Рыспаев К.Ж., Мусабекова Ж.А.) четке кагылды.