1991-жылдын 21-апрелинде Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кожо-Арык айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 2008 – жылы Ош Мамлекеттик Юридикалык Институтунун (ОшМЮИ) «Укук жана башкаруу» факультетине тапшырган;
2014-2015 жылдары – «Дастан Курулуш» ЖЧКсында участоктун башчысы;
2015-жылдын июнь айынан ноябрь айына чейин «Дастан Курулуш» ЖЧКнын техникалык директору;
2015-2016 жылдары – «Дастан Курулуш» ЖЧКнын башкы директору;
2016-2017 жылдары – Уюмдаштыруучу, «Тагай Ата» ЖЧКнын башкы директору;
2017-2018 жылдары – «Эмаком» ЖЧКнын башкы директору;
2018-2021 жылдары – «Эмаком Холдинг» холдингинин президенти;
2021-жылы «Ишеним» саясий партиясынын тизмеси менен VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.