1977-жылдын 19-июлунда Талас облусунун Киров районунун Киров айылында туулган. 1994-жылы орто мектепти ийгиликтүү бүтүргөн. 1995-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Финансы жана кредит факультетине ташырып, 2000-жылы аталган университетти ийгиликтүү аяктап “Банк иши” адистигине ээ болгон. 2013-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция факультетин бүтүрүп, “юриспруденция” адистиги боюнча “юрист” квалификациясы ыйгарылган.
Эмгек ишмердүүлүгү:
1998-2005-жылдары “Тынай-Ата” КБда башкы бухгалтер жана кадрлар боюнча адис;
2005-2009-жылдары “Кыргызгаз” Ачык акционердик коомунун Бишкек шаардык газ чарба башкармалыгында бухгалтер;
2009-2011-жылдары “Азия Универсал Банк” Ачык акционердик коомунда бөлүмдүн адиси, жетектөөчү адиси, башкы бухгалтер;
2011-жылы “Финанс Кредит Банк КАБ” Ачык акционердик коомунда Бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук бөлүмүнүн башкы адиси;
2011-2014-жылдары “Азия Транс Инвест” Жоопкерчилиги чектелген коомунда башкы бухгалтер;
2014-2019-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборунда эксперт;
2019-2021-жылдын ноябрь айына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборунда директордун орун басары;
2021-жылдын ноябрь айынан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин VII-чакырылышынын депутаты.
Үй-бүлөлүү,беш баланын энеси.