1980-жылдын 8 ноябрында Жалал-Абад шаарында туулган.
Билими жогорку. Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Академиясын 2005-жылы аяктаган.
Эмгек жолу:
2007-жылы Ош шаардык перинаталдык борборунда — клиникалык ординатор.
2007-2011-жылдары аталган борбордо акушер-гинеколог дарыгери.
2007-2012-жылдары Ош мамлекеттик университетинин медициналык колледжинин окутуучусу.
2011-2013-жылдары Ош шаардык төрөт үйүнүн төрөт блогунун бөлүм башчысы.
2013-2014-жылдары Ош шаардык төрөт үйүнүн башкы дарыгеринин орун басары.
2014-2015-жылдары Жалал-Абад областык төрөт үйүндө акушер-гинеколог дарыгери.
2015-жылдан бери Сузак аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн башчысы.
2019-жылдын январь айынан баштап Жалал-Абад областынын төрөт кызматынын координатору.
2016-жылдан Барпы айылдык кеңешинин депутаты.
2021-жылдын ноябрында «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси боюнча VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
Үй-бүлөлүү, бир кыздын атасы.