1976-жылы 2-ноябрда Талас облусунун Кара-Буура районундагы Саткей айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 2001-жылы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетин “Юриспруденция” адистиги боюнча аяктаган;
Эмгек жолун 2002-жылы Кыргыз Республикасындагы түрк компаниясынын «Баямташ ЛТД» өкүлчүлүгүндө коммерциялык директору болуп баштаган;
2005-2007 жылдары «КАSI трейнинг» Бельгиялык фирмада башкы менеджер;
2007-2009 жылдары «ЯКАД» ЖЧКсында башкы директору;
2010-жылы октябрда «Ата-Журт» идеалисттик демократиялык саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган;
2014-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Ата-Журт» парламенттик фракциясынын лидеринин орун басары;
2015-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Ата-Журт» фракциясынын лидери;
2015-2021-жылы «Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
2021-жылдын ноябрында № 20 Манас бир мандаттуу шайлоо округу боюнча VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган;
Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.