Чойбеков Бактыбек Каныбекович

1977-жылдын 15-сентябрында Талас облусуна караштуу Талас районундагы Көк-Ой айылында туулган.

1995-жылы Бишкек автомобиль жол колледжин аяктаган, 1998-жылы Кыргыз мамлекеттик курулуш,транспорт жана архитектура университетин “инженер-куруучу” адистиги боюнча аяктаган.

2002-жылы К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин “дүйнөлүк экономика” адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек ишмердиги:

  • 1997-2014-ж.ж. — жеке ишкер;
  • 2014-2017-ж.ж. — «Альянс» Кыргыз Республикасынын акча алмаштыруу бюролорунун ассоциациясынын төрагасы;
  • 2017-2020-ж.ж. — «Арча-Бешик конушу» коомдук бирикмесинин төрагасы;
  • 2021-б.к.ч. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты.

Үй-бүлөсү бар, үч баланын атасы.

Чойбеков Бактыбек Каныбекович
Чойбеков Бактыбек Каныбекович
Жалпы айтуулар: 46 дөн 0