Кыргызстанда жерлерди мыйзамсыз басып алуу жана бул жерлерди кийин мыйзамсыз айландыруу проблемасы абдан курч болууда.
Жер участкаларына укук белгилөөчү жана укук тастыктоочу документтердин жоктугунан жарандар ишке орношо алышпайт, аскердик каттоого тура алышпайт, шаардык маанилүү коомдук-саясий иш-чараларга активдүү катыша алышпайт жана медициналык жардам ала алышпайт.
Кыргызстанда 2012-жылдын 3-августуна чейин өзү билемдик менен үй курулган участокторду мыйзамдаштырууну кайрадан сунушташууда. Мыйзам долбоорун «Ата Мекен» парламенттик фракциясы талкууга алып чыкты. Сөз Бишкек жана Ош шаарларындагы участкалар жөнүндө болуп жатат.
2019-жылдын 4-февралында “2012-жылдын 3-августуна чейин өзү билемдик менен курулган жеке турак үйлөрү бар болгон жер участокторун мыйзамдаштыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору коомдук талкууга чыгарылган.
Өзү билемдик менен курулган жеке турак үйлөрдү мыйзамдаштыруу менен проблеманы чечүү үчүн 2015-жылы эле “2012-жылдын 3-августуна чейин өзү билемдик менен курулган жеке турак үйлөрү бар болгон жер участокторун мыйзамдаштыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору даярдалган. «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары Асия Сасыкбаева, Бактыбек Калмаматов жана Жоомарт Сапарбаев документти парламентке кароого киргизишкен.
2015-жылы документти кароодо депутаттар өз убагында мамлекеттик жана муниципалдык жерлерге мыйзамсыз ээлик кылып басып алгандардын ою менен болбоо керек деп эсептешкен.
Убакыт өткөн соң аталган Мыйзам долбоору кайрадан парламенттин кароосуна алып чыгылды. Анын негизги максаты мамлекет тарабынан Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында мамлекет тарабынан 2012-жылдын 3-августуна чейин жеке турак үйлөр укук берүүчү документтер жок курулган жер участокторун мыйзамдаштыруу боюнча бир жолку гана акцияны өткөрүү болуп саналат.
Документте мыйзамдаштыруу субьекттерине мамлекеттик кепилдиктерди берүү сунуш кылынат, муну менен 2012-жылдын 3-августуна чейин жасалган укук бузуулар үчүн жоопкерчиликтен бошотулат. Бул болсо мыйзамдарга карама-каршы келет жана мыйзамдын талаптарына андан аркы баш ийбөөчүлүк үчүн кооптуу прецедент түзөт.
Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда авторлор Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси күчүнө киргендигине байланыштуу 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготкон Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекске шилтеме кылууда.
Мында өзүм билемдик кылып басып алуу үчүн жаза, анын ичинде жазыктык жаза каралган. Ал тургай муниципалдык жерди өзү билемдик кылып басып алгандыгы үчүн жаза алышкан жарандар бар.
Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!
Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!