Дастан Жумабеков: Акимдерди дайындоо укугун бир гана Президентке берүү керек

Дастан Жумабеков: Акимдерди дайындоо укугун бир гана Президентке берүү керек

Бүгүн парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”  мыйзамына өзгөртүүлөр экинчи окууда каралды.

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча агенттиктин бөлүм башчысы Бактыгул Усеналиеванын айтымында, район башчылары Президенттин жеке демилгеси же Министрлер кабинетинин төрагасынын сунушу менен дайындалат деген жаңы норма киргизилүүдө.

Учурда акимдер Министрлер кабинетинин төрагасынын сунушу жана Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн макулдашуусу менен мамлекет жетекчиси тарабынан дайындалат.

Сунушталып жаткан долбоорго ылайык, ыйгарым укуктуу өкүлүнүн макулдашуусу талап кылынбайт. Президент министрлер кабинетинин төрагасынын сунушу жок эле өзүнүн демилгеси менен акимди дайындай алат.

Аким кызматына талапкер конкурстан өтүп региондук резервде болушу керек. Район башчылыгына каралып жаткан кандидат боюнча Президенттин Администрациясы текшерүү жүргүзүп, талапка туура келсе, өлкө башчысы тарабынан кызматка дайындалат.

Ошол эле учурда, мыйзам долбоорунда министрлер кабинетинин төрагасында аким кызматына талапкер сунуштоо укугу сакталууда. Депутат Дастан Жумабеков бул норманы алып салуу керек деди.

“Конкурстан өтүп, жакшы упай алган талапкерге сунуштаманын эмне кереги бар? Бардык текшеруудон кийин Президент эле дайындап коюш керек. Сунуштаманы күтсөк өтпөй дагы калышы мүмкүн. Акимдерди дайындоодо сунуштамаларды алып салыш керек, антпесе коррупциялык көрүнүштөргө түртүп коюшубуз мүмкүн” – деди Дастан Жумабеков.

Маалыматтарга караганда, статистика боюнча район акимдери бул кызматта орточо үч жарым жылдай иштейт.

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!