Кыргызстанда эң төмөнкү маяна 2500 сомду түзөт

Кыргызстанда эң төмөнкү маяна 2500 сомду түзөт

Бүгүнкү күнү Кыргызстанда эң аз айлык 2534 сомду түзөт.

Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жыпариса Рысбекова парламенттин социалдык комитетинин отурумунда эмгек кодексинин жаңы редакциясы каралып жатканда маалымдады.

Анын айтымында, эч кандай кесип, квалификация талап кылынбаган жумушта 2500 сом айлык белгиленген. Ал эми орточо эмгек акы азыр 35000 сомду түзөт. Жашоо минимуму болсо 7700 сом деп бекитилген.

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!