Мектепте акча чогулткандарды 60 миң сомго чейин айыпка жыгуу сунушталды

Мектепте акча чогулткандарды 60 миң сомго чейин айыпка жыгуу сунушталды

Конституциянын 46-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, Кыргызстанда ар бир адам мамлекеттик билим берүү уюмдарында мектепке чейинки, жалпы негизги, орто жалпы жана баштапкы кесиптик билимди акысыз алууга укуктуу.

2023-жылдын 26-майында Президент Садыр Жапаров “Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, мамлекеттик мектептерде акча чогултууга жана ар кандай коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салынат.

2024-жылдын 18-апрелинде Жогорку Кеңеште «Билим берүү жөнүндө» мыйзамга жана Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу документ каттоого алынды. Демилгечиси депутат Миргул Темирбаева.

Маалымкат-негиздеме Президенттин жарлыгына карабай мектептерде акча чогултуу уланып жаткандыгы жазылган. Депутат Миргүл Темирбаеванын айтымында, ата-энелердин көбү акча чогултууга катышпай койсок мугалимдер балдарга басым жасай баштайт деп коркушат.

Мындан улам, мамлекеттик билим берүү мекемелериндеги акча жыйноого тыюу салууну мыйзам менен бекемдөө демилгеленди. Өзгөртүүлөр колдоо тапса, мектептерде акча чогулткан жеке тарап 20 миң сом айыпка жыгылат. Ал эми мектептердин алдында коомдук фонддорду түзүү аркылуу каражат жыйнагандарга 40 миң сом, юридикалык жактарга 60 миң сом штраф салынат.

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!