Жогорку Кеңеш Курманкул Зулушевдин отставкасын кабыл алды

Жогорку Кеңеш Курманкул Зулушевдин отставкасын кабыл алды

Курманкул Зулушев башкы прокурор кызматынан кетүү тууралуу өз каалоосу менен арыз жазганы дүйшөмбү күнү белгилүү болгон.

Кечээ күнү парламенттин тармактык комитети анын арызын канааттандырган.

Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы отурумунда Курманкул Зулушевдин отставкасы тууралуу маселе каралды. Жыйынга өзү келген жок. Президенттин парламенттеги өкүлү баяндама жасап, депутаттар эч кандай суроо узатышкан жок. Эл өкүлү Балбак Түлөбаев Курманкул Зулушев жакшы иштерди жасаганын айтып, ага ийгиликтерди каалады.

Курманкул Зулушев башкы прокурор болуп 2020-жылы 21-октябрда дайындалган.

Башкы прокурордун кызмат ордуна Президент Максат Асаналиевди көрсөтүп, анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке киргизилди.  Ал 2022-жылдан бери Ош облусунун прокурору болуп иштеп келет.

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!