Депутаттарга чет өлкөгө чыгууга болбойт!

Депутаттарга чет өлкөгө чыгууга болбойт!

Июль айына чейин Жогорку Кеңештин депутаттарына чет өлкөлөргө чыгууга, иш сапарларга барууга тыюу салынды. Бул тууралуу төрага Нурланбек Шакиев бүгүн парламенттин отурумунда жарыялады.

Анын айтымында, кезектеги сессия 5 пленардык отурумдан кийин жыйынтыкталат.

“Өлкө үчүн, эл үчүн кабыл алуучу мыйзам долбоорлору, маанилүү документтер бар. Ушул дүйшөмбүдөн баштап бардык чет өлкөлүк иш сапарларга чек коюлду.  Өтө маанилүү бир экөө эле болбосо, бардыгын токтотобуз. Эч жакка чыкпайбыз. 3 жума активдүү иштеп берели”,- деди Шакиев.

Эскерте кетсек, июль айында депутаттар шайлоочулар менен иштөөгө тарашат. Ал эми август айында эс алышат.

 

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!