Ала качууну адам уурдоого теңөөгө депутаттар каршы чыкты

Ала качууну адам уурдоого теңөөгө депутаттар каршы чыкты

Парламенттин 12-июнундагы отурумунда Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү сунушу талкууланды. Демилгечи депутат Кубанычбек Самаковдун айтымында, мыйзамдын мамлекеттик тилдеги текстинде “ала качуу” деген терминди “адамды уурдоо” деп өзгөртүү каралууда.

«Кылмыш кодексинде эч кандай салт болбошу керек, сот өкүм угузуп  жатканда да эч кандай салтка таянып чечим чыгарбашы керек.  «Ала качуу» деген сөздү биз атайын жоопкерчилигин күчөтүү үчүн «адам уурдоо» деп которгонбуз»

Депутаттар Элмурза Сатыбалдиев кыргыз тилинде «ала качуу» менен «адам уурдоонун» мааниси эки башка болорун айтып, муну колдоо уят деп документке каршы чыкты.

Жыйынтыгында “Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору депутаттардын колдоосун тапкан жок.

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!