Зөөкүрлөргө жазалар катаалдашат! Парламент тиешелүү документти жактырды

Зөөкүрлөргө жазалар катаалдашат! Парламент тиешелүү документти жактырды

“Үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды. Документти депутаттардын жоон тобу иштеп чыккан.

Бул документ былтыр талкууга чыгарылган. Мыйзам долбооруна ылайык, зордук-зомбулукка байланыштуу тосмо арыз деген түшүнүк жоюлат, жабырлануучуну коргоо ордери 30 күнгө чейин узартылып, шектүүгө электрондук билерик тагылат. Ошондой эле, жабырлануучу дароо Мамлекеттик жактоочу менен камсыздалат. Документтин негизинде өлкөдө түзөтүү (коррекциялоо) программасын киргизүү каралган. Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жоопкерчилиги күчөтүлөт.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, былтыр Кыргызстанда  үй-бүлөлүк зордук зомбулук боюна 12 миндей учур катталган, анын  кесепетинен 26 аял каза болгон.

 «Жарандык платформа» коомдук фондунун  «Талкуу» программасында бул мыйзам долбоору боюнча кеңири сөз болгон. Шилтеме аркылуу кирип толук маалымат алсаңыздар болот.

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!