Депутаттык этика кодекси: эл өкүлдөрүнө эмнелер тыюу салынат?

Депутаттык этика кодекси: эл өкүлдөрүнө эмнелер тыюу салынат?

Бүгүн, 2024-жылдын 23-январында, парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин отурумунда “Депутаттык этика кодексин бекитүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору жактырылып, жалпы отурумдун кароосуна жөнөтүлдү.

Баяндаманы Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары, депутат Нурланбек Азыгалиев жасады. Анын айтымында, депутаттык этика кодексинин долбоору боюнча 2023-жылдын 30-майында жумушчу топ түзүлгөн. Бул үчүн ЕККУ тарабынан жүргүзүлгөн талдоо дагы пайдаланылган.

Депутаттык этика кодексине төмөндөгүдөй түшүнүктөр киргизилүүдө.

Кызыкчылыктардын кагылышуусу –Жогорку Кеңештин депутаты финансылык же башка кызыкчылыгы болгон маселе боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз оюн билдирген же добуш берген учурда депутаттын ушул Кодексте көрсөтүлгөн жеке кызыкчылыктары анын өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруусун түздөн-түз козгогон кырдаал.

Белек – ар кандай мүлктүк жана мүлктүк эмес байлыктар, анын ичинде «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында көрсөтүлгөн жактардын пайдасына кызмат көрсөтүүлөр, укуктарды өткөрүп берүү, милдеттен/милдеттенмелерден бошотуу, кандайдыр бир укуктан баш тартуу, ошондой эле алар аркылуу бул жактарга кандайдыр бир байлык берилүүчү башка аракеттер.

Басмырлоо – адамга кошумча жүк артуучу жана аны белгилүү бир укуктардан ажыратуучу кандайдыр бир белгинин негизинде теңсиз мамиле кылуунун түрү. Мындай аракет атайын жасалган же атайын жасалбаган болушу мүмкүн. Ал басмырлоонун түздөн-түз актыларын (жеке, оозеки, жазуу жүзүндө), ошондой эле адамдардын белгилүү бир топторун теңсиз абалга коюучу тажрыйбаларды камтышы мүмкүн.

Куугунтуктоо — башка адам үчүн мазактоочу же кемсинтүүчү катары негиздүү бааланышы же кабыл алынышы мүмкүн болгон ар кандай адепсиз же ылайыксыз жүрүм-турум. Жогорку Кеңеште жынысы, дене бойлук мүмкүнчүлүктөрү, тышкы келбети, этностук таандыктыгы, расасы, улуттук теги, саясий ынанымдары, жаш курагы, дини боюнча куугунтуктоого тыюу салынат.

Толеранттуулук — урматтоо, өзүн көрсөтүүнүн түрлөрүн жана инсандык индивидуалдуулукту көрсөтүүнүн ыкмаларын кабыл алуу жана туура түшүнүү. Бул адам укуктарынын, плюрализмдин, демократиянын жана укук тартибинин бекемделишине түрткү берүү милдети.

Сексуалдык асылуу – көңүлгө каршы дене бойлук байланыш, сексуалдык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө өтүнүч, сөз түрүндөгү жана/же оозеки эмес түрдөгү сексуалдык зомбулук.

Сый мамиле – инсандын кадыр-баркын таануу, башка адамга сылык мамиле жасоо, укуктардын теңдигин таануу.

Парламенттик эмес лексика – Жогорку Кеңештин имаратында жол берилбес сөз сүйлөөлөр жана өз пикирин билдирүүлөр (кемсинтүүлөр, провокациялар, коркутуулар). Биринчи иретте башка депутаттын, ошондой эле Жогорку Кеңештин жыйналышына катышкан адамдардын ар-намысына жана кадыр-баркына асылууга  тыюу салынат.

 Эрежелер сакталбаган учурдагы жазалоо.

— депутатты көпчүлүктүн алдында кечирим суроого милдеттендирүүгө; 

— депутатты көпчүлүктүн алдында уяткарууга;

— депутаттын этикасынын эрежелери бузулганы жөнүндө маалыматты тиешелүү шайлоо округунун шайлоочуларына жеткирүүгө; (мандатты чакыртып алууга шарт тузулушу мумкунбу? Шайлоочулар кол чогултуп, ишеничти актаган жок деп)

— Жогорку Кеңештин жыйналышына жүйөлүү себепсиз катышпаган ар бир күн үчүн ар айлык депутаттык төлөмдөрдүн ондон бир бөлүгүн кармап калууну сунуштоого;

Депутат макул болбосо сотко  даттанышы мүмкүн.

https://www.youtube.com/watch?v=K7uaKZWjXm8

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!