Эл өкүлдөрү эки айга тарашты

Эл өкүлдөрү эки айга тарашты

Жетинчи чакырылыштагы парламент үчүнчү сессиясын жыйынтыктады

Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиевдин маалыматына караганда,  73 жалпы отурум өтүп, 200 дөн ашык мыйзам долбоору кабыл алынды. Алардын 60 ка жакыны депутаттар тарабынан демилгеленген, калганын министрлер кабинети сунуштаган.

Бул сессия учурунда канча мыйзам долбоору четке кагылганы айтылган жок.

Жогорку Кеңештин үчүнчү сессиясы толук эмес курамда жыйынтыкталды. Анткени 3 депутаттык орун бош. Быйыл жыл башынан бери онго жакын эл өкүлү мандатынан баш тартты. Алардын жарымынын көбү Раим Матраимовдун мафиясына тиешеси бар болгондуктан депутаттык ишмердүүлүгүн токтоткону кабарланды.

Белгилей кетсек, депутаттар 1-июлдан тарта 2 айга тарашты. Бир ай шайлоочулар менен жолугушат, августта эс алышат.

Жетинчи чакырылыштын төртүнчү сессиясы сентябрда ачылат.

Эгерде ага чейин шашылыш карала турган маселе жаралса, парламент мыйзамдын негизинде кезексиз сессияга чогула алат.

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!