Тазабек Икрамов мандатынан ажыратылды

Тазабек Икрамов мандатынан ажыратылды

Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовду мандатынан ажыратылды. Анын алдында Икрамов депутаттык ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча арызын жазган. Мандатынан баш тартуунун себептери айтылган жок.

Тазабек Икрамов Сузак бир мандаттуу шайлоо округунан жеңип келген.

Буга чейин Жогорку Кеңештин онго жакын депутаты мандатын тапшырган. Алардын көбү Матраимовдун мафиясына тиешеси бар деген пикирлерден улам парламенттен кетишкен.

Эми Сузак бир мандаттуу округунда мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалышы керек.

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!