Жалган маалымат үчүн жазалоо демилгеси

Жалган маалымат үчүн жазалоо демилгеси

Кыргызстанда ММКларда жана социалдык баракчаларда жалган маалымат тараткандарды айыпка жыгуу сунушталууда

27-августта Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына “Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору жарыяланды. Демилгечи маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги.

Мыйзам долбоору эмнелерди камтыйт?

 Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалымат катында документ жабырлануучунун мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жана укуктук системанын алкагында адилеттүүлүктү камсыз кылуу үчүн иштелип чыкканы жазылган. Ошондой эле, мыйзам долбоору ишенимдүү маалыматты жайылтууга жана интернет-контентти керектөөдө сынчыл ой жүгүртүүнүн зарылдыгы жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт деп белгиленген.

Укук бузуулар тууралуу кодексти  1093-берене менен толуктоо сунушталууда. Ага ылайык,  жалпыга маалымдоо каражаттарында, Интернет тармагындагы сайтта, Интернет тармагындагы сайттын баракчасында социалдык тармактарды колдонуу менен жалган, адаштыруучу же жаңылыш маалыматтарды жарыялап, тараткан жеке жактар 100 000 сом, юридикалык тарап 200 000 сом айыпка жыгылат.

Ал эми Конституцияда эмне деп жазылган? 

Конституциянын 10-беренесинин экинчи бөлүгүндө,  Кыргыз Республикасында цензурага жол берилбейт. Жалпыга маалымдоо каражаттары эркин жана өз ишин мыйзамга ылайык жүзөгө ашырат, деп жазылган.

Кыргысзтандын конституциясында ар бир адам эркин ой жүгүртүүгө, өз пикирин эркин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине, маалыматты эркин издөөгө, алууга, сактоого, пайдаланууга жана аны оозеки, жазуу түрүндө жана башка жол менен жайылтууга укуктуу деп көрсөтүлгөн. (32-берене 1, 2-бөлүктөр, 33-берене 1-бөлүк)

Мыйзам долбоору коомдук талкууда 26-сентябрга чейин болот.

http://koomtalkuu.gov.kg/kg/view-npa/4132

Белгилей кетсек, буга чейин, 25-июлда,  Жогорку Кеңештин сайтында жалпыга маалымдоо каражаттарында, Интернет тармагындагы сайтта же Интернет тармагындагы сайттын баракчасында жалган жалаа жана мазактоо камтылган маалыматтар жарыяланса, жеке жакка 100 000, юридикалык тарапка  200 000 сом айып салуу сунушталган мыйзам долбоору каттоого алынган.

 

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!