Жүзүн жашырууга тыюу салынат. Динге байланыштуу мыйзамдарды өзгөртүү сунушу

Жүзүн жашырууга тыюу салынат. Динге байланыштуу мыйзамдарды өзгөртүү сунушу

Дин иштери боюнча Мамлекеттик комиссиясы 30-августта диний чөйрөдөгү бир катар мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган документти коомдук талкууга чыгарды.

Комиссиянын сунушуна ылайык,

  • чет мамлекеттерге жана чет өлкөлүк жарандарга  Кыргызстанда саясий партияларды түзүүгө жана каржылоого;
  • диний негизде саясий партияларды түзүүгө жана саясий партияларга диний ишмердүүлүк жүргүзүүгө;
  • шайлоодо партиянын аталышына, үгүт материалдарына түз же кыйыр түрдө диний тематикадагы маалыматтарды колдонууга;
  • депутаттарга диний ишмердүүлүк менен алектенүүгө тыюу салынат.

Укук бузуулар кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, талапты бузгандарга төмөндөгүдөй жазаларды колдонуу сунушталууда:

  • Мамлекеттик мекемелерде же коомдук жайларда жарандын өздүгүн аныктоого тоскоолдук жараткан, тагыраагы бетин жаап алган кийимдерди (никаб) кийгендерге 20 миң сом айып пул салынат. Бул талап кызматына байланыштуу же медициналык көрсөтмөлөр боюнча жүзүн жаап жүргөндөргө тиешеси жок;
  • Диний уюмдардын ишине же диний жөрөлгө өткөрүүгө мыйзамсыз тоскоолдук кылгандарга, кимдир бирөөгө диний же башка ишенимди тандоо же билдирүүгө мажбурлаган жарандарга 20 миң, ал эми юридикалык жактарга 65 миң сом айып каралган;
  • Дин кызматкерлерин жана чет өлкөлүк диний уюмдардын өкүлдөрүн ыйгарым укуктуу органдын макулдугу жок Куралдуу күчтөрдүн бөлүктөрүнө, жазаларды аткаруу мекемелерине, карылар, майыптар үйүнө иш-чараларга чакырган жеке тарап 20 миң сом, юридикалык тарап 65 миң сом айыпка жыгылат;
  •  диний багыттагы объекттерде шайлоого байланыштуу үгүт иштерин, чогулуштарды же башка иш-чараларды уюштурган жеке тарапка 20 миң сом, юридикалык жакка 65 миң сом айып салынат;
  • диний уюмдардын же алардын өкүлдөрүнүн мамлекеттик жана жергиликтүү бийликтин ишине кийлигишүүсүнө тыюу салынат. Айып пулдун өлчөмү жаранга — 20 миң сом, юридикалык жакка — 65 миң сом;
  • диний окуу жайдан тышкары өз алдынча диний сабактарды өтүүгө тыюу салынат. Айып пулдун өлчөмү жаранга — 20 миң сом, юридикалык жакка 65 миң сом;
  • диний адабиятты, басылма, ауидо же видео түрүндөгү диний материалдарды коомдук жайларда таратууга, турак үйлөрдү, мамлекеттик, муниципалдык мекемелерди, бала бакча жана мектептерди кыдырып таратууга болбойт. Айып пулдун өлчөмү жаранга — 20 миң сом, юридикалык жакка — 65 миң сом;
  • диний уюмдарга саясий партияларды каржылоого тыюу салынат. Айып пулдун өлчөмү жаранга — 20 миң сом, юридикалык жакка — 65 миң сом;
  • дин иштери боюнча мамлекеттик органда каттоого турбай диний багыттагы объектти колдонгон жаран 20 миң сом, юридикалык жак 65 миң сом айыпка жыгылат;
  • Туткан динине карап оозеки же жазуу түрүндө (интернет аркылуу басмырлоо дагы кирет) басмырлагандарга жаза каралган. Айып пулдун өлчөмү жаранга — 20 миң сом, юридикалык жакка 65 миң сом;

 

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!