Динара Ашимова жетекчи болду

Динара Ашимова жетекчи болду

“Ыйман Нуру” фракциясынын жетекчиси Нуржигит Кадырбеков 30-августта мандатынан баш тартуу тууралуу арызын жазып, борбордук шайлоо комиссиясына тапшырган. Анын ордуна Эрнис Айдаралиев депутат болуп катталган.

Фракциянын отурумунда жаңы лидер болуп депутат Динара Ашимова шайланган. Бул тууралуу маалымат парламенттин бүгүнкү отурумунда жарыяланды.

Нуржигит Кадырбековдун мандатын тапшыруу тууралуу арыз жазганынын себеби айтылган жок. Ал жакында эле УКМКга “Ыйман” фондундагы каражат маселеси боюнча суракка кирип чыккан. Нуржигит Кадырбеков аталган фондду 2015-2019-жылдары жетектеген.

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!