Динге байланыштуу мыйзам долбоорунун макулдашылган варианты иштелип чыгат

Динге байланыштуу мыйзам долбоорунун макулдашылган варианты иштелип чыгат

Жогорку Кеңештин кароосуна “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциядагы макулдашылган долбоору киргизилет. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Бүгүн өлкө башчысы Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында кеңешме өткөн. Ага министрлер кабинетинин мүчөлөрү, депутаттар,  башкы прокурор, ички иштер министринин орун басары, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын төрагасы, Президенттин алдындагы Улуттук биримдикти бекемдөө жана диний саясат боюнча эксперттик кеңештин мүчөлөрү, аалымдар кеңешинин мүчөлөрү, белгилүү дин ишмерлери катышкан.

Маалыматта, мамлекет башчысы аталган мыйзам долбоорун иштеп чыгууда коомчулуктун бардык катмарларынын кызыкчылыгы эске алынышы керектигин айтып, айрыкча дин тармагындагы таанымал аалымдарды коомдук талкууга коюлган мыйзам долбооруна сунуштарды активдүү берүүгө чакырганы белгиленген.

Ошол эле учурда Президент Садыр Жапаров мамлекеттин жана жарандардын коопсуздугу маселеси көңүл борборунда болушуна, диний ишмерлер жамаатташпай биримдикте иш алып баруусу керектигине көңүл бурган.

Жыйынтыгында бардык тараптардын пикирлерин эске алуу менен буга чейин коомдук талкууга чыгарылган мыйзамдын долбоорунун макулдашылган варианты иштелип чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилмей болду, деп айтылат басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Эскерте кетсек, дин иштери боюнча Мамлекеттик комиссиясы 30-августта “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзамды толугу менен өзгөртүүнү сунуштаган документти коомдук талкууга чыгарган. Андагы айрым пункттар боюнча коомчулукта ар кандай пикирлер айтылып жаткан болчу.

Кененирээк маалымат бул шилтемеде:

Жүзүн жашырууга тыюу салынат. Динге байланыштуу мыйзамдарды өзгөртүү сунушу

 

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!