Депутаттардын санын көбөйтүү демилгеси көтөрүлдү

Депутаттардын санын көбөйтүү демилгеси көтөрүлдү

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын санын көбөйтүү сунушталууда. Парламентте буга байланыштуу мыйзам долбоору даярдалды. Документтин авторлору: Маматалиев М.А., Ташиев Ш.К., Маткеримов А.Т.

3 депутат “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”,  “Борбордун статусу жөнүндө”,  “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү демилгелешти.

Ага ылайык, Бишкек менен Ош шаардык кеңештерине калктын саны 500000ге чейин болсо – 45 депутат, 500001ден тартып жана андан ашык – 51 депутат шайланат. Аракеттеги мыйзамга ылайык, эки калаада тең депутаттык мандаттардын саны 45.

Ал эми, шаардык жана айылдык шаардык жана айылдык кеңештерге калктын саны боюнча төмөндөгүдөй сандагы депутаттарды шайлоо каралууда:

6000ге чейин – 11 депутат;

6001ден 20000ге чейин – 21 депутат;

20001ден 70 000ге чейин – 31 депутат;

70 001ден тартып жана андан ашык – 41 депутат;

 Учурда иштеп жаткан мыйзамда 20 001 ден өйдө 31 депутат деп гана белгиленген.

Административдик-аймактык реформадан кийин пайда болгон демилгени Жогорку Кеңеш алдыдагы шайлоого чейин кабыл алууга жетишеби белгисиз. 17-ноябрда Кыргызстан боюнча жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт.

 

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!