Гуля Кожокулова: Депутаттардын санын көбөйтсөк эле көп маселе чечилип калабы?

Гуля Кожокулова: Депутаттардын санын көбөйтсөк эле көп маселе чечилип калабы?

Бүгүн парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин отурумунда жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын санын көбөйтүү боюнча мыйзам долбоорлору каралды. Анда, депутат Гуля Кожокулова эл өкүлдөрүнүн санын тескерисинче азайтуу керек деди.

“Мен депутаттардын санын кыскартууга чакырат элем. Же болбосо учурдагы сан деле жетиштүү. Бюджеттин акчасын үнөмдөйлү да, азыр жетекчилер көбөйүп кетти. Анын үстүнө, учурда жергиликтүү кеңештин депутаттары эч кандай маселе деле чечпей калды. Баарын эле мэр чечип жатпайбы. Ушундай шартта эл өкүлдөрүнүн санын көбөйтүүнүн кандай зарылчылыгы бар? Шаардык кеңештин депутаттары бар, бирок алардын үнү угулбайт. Эки депутаттан башкасынын сүйлөгөнүн уккан эмесмин”, — деди депутат Гуля Кожокулова.

Буга баяндамачы Айбек Маткеримов мындай деп жооп берди.

“Жергиликтүү деңгээлде каралчу маселелер чечилбей бизге чейин жетип жатат. Менимче, жергиликтүү кенештердин депутаттары көп болуп, маселени жеринде чечип турса биз (ред: Жогорку Кеңеш) чыныгы өзүбүздүн кызмат менен алек болмокпуз да”.

Мыйзам долбооруна ылайык, Бишкек менен Ош шаардык кеңештерине калктын саны 500000ге чейин болсо – 45 депутат, 500001ден тартып жана андан ашык – 51 депутат шайланат. Аракеттеги мыйзамга ылайык, эки калаада тең депутаттык мандаттардын саны 45.

Ал эми, шаардык жана айылдык шаардык жана айылдык кеңештерге калктын саны боюнча төмөндөгүдөй сандагы депутаттарды шайлоо каралууда:

6000ге чейин – 11 депутат;

6001ден 20000ге чейин – 21 депутат;

20001ден 70 000ге чейин – 31 депутат;

70 001ден тартып жана андан ашык – 41 депутат;

 Учурда иштеп жаткан мыйзамда 20 001 ден өйдө 31 депутат деп гана белгиленген.

Белгилей кетсек, 17-ноябрда Кыргызстан боюнча жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт.

 

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!