Депутат А.Эрбаев: Мектептерде акча чогултуунун жаңы формасын ойлоп табышыптыр

Депутат А.Эрбаев: Мектептерде акча чогултуунун жаңы формасын ойлоп табышыптыр

Бүгүн Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин отурумунда мектептерде акчаны мыйзамсыз чогулткандарды жазалоо тууралуу демилге талкууланды.

Депутат Миргүл Темирбаева  «Билим берүү жөнүндө» мыйзамга жана Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады. Анын айтымында, былтыр май айында Президенттин буга байланыштуу жарлыгы чыкканына карабай, мектептерде көмүскө акча чогултуу улантылып жатат.  Мындан улам,  каражат жыйнагандарды жана коомдук фонддорду түзгөндөрдү жоопкерчиликке тартуу керек дейт.

Окуучулардын ата-энелери жана алардын камкорчулары мугалимдерге жана мектеп директорлоруна кымбат баалуу белектерди алууга жамааттык акча чогултууга, акыркы конгуроо салтанатын, бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө, класстар үчүн жабдууларды сатып алууга милдеттүү эмес”, — дейт депутат.

Документке ылайык, мектептерде акча чогулткандар жана ар кандай фонддорду түзгөн жеке жактар 20 000 сом,  юридикалык тарап 60 000 сом айыпка жыгылат.

Демилгени колдогон депутат Алишер Эрбаев учурда мектептерде акча чогултуунун жаңы формасын ойлоп табышканын билдирди.

Мага эки мектептин директору эч жакка үнүбүз жетпей жатат деп кайрылышты. Президенттин жарлыгына карабай, райондук башкармалыктар ремонтко акчаны өзүңөр тапкыла дептир. Өзбекстандын өндүрүшүнөн чыккан 750 сомдук сырды 1250 сомдон алып берип, жетпегенин өз каражатыңарга сатып алгыла деп коюптур. Бир мектепке эле 143 000 сомдук сыр жетпей калыптыр. Баш-аягын эсептеп көрсөк райондук билим берүү башкармалыгы мектеп директорлорунан ремонт иштеринен эле 60 000 доллар каражат чогултуп алды дешти. Аларга ким чара көрөт? Прокуратурага, ИИМге, УКМКга арыз жазгыла дегем. Эми мугалимдер аркылуу акча чогултууга өтүштү”- деди депутат.

Мыйзам долбоору тармактык комитетте колдоо тапты.

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!