Кыргызстанда онлайн насыя берүүнү татаалдаштыруу сунушталды

Кыргызстанда онлайн насыя берүүнү татаалдаштыруу сунушталды

Бүгүн Жогорку Кеңештин ар кандай маселелер бөлүгүндө эл өкүлдөрү телефон алдамчылары көбөйүп, жабыркагандардын саны өсүп жатканын айтышты.

“Алдамчылар биринчи 100 миң сом салып коет экен. Анан Улуттук банктан чалып жатабыз деп сабаттуу сүйлөп, адашып калыптырбыз акчаны кайра ушул шилтеме аркылуу кирип которуп коесузбу деп код жөнөтүшөт. Аны басканда эле телефондун ээси аркылуу банктардан онлайн насыя ала коюшат. Азыр жөн жерден эле карызга батып, ызы чуу түшүп жатышат. Алдамчыларды ооздуктоо үчүн алгач онлайн насыя берүүнү токтотуш керек. Кредит деген туугандардын тастыктоосу, кепилдиги менен берилиши шарт да. Антпесе алдангандар көбөйө берет”, — деди депутат Эмил Токтошев.

Ал эми эл өкүлү Дастан Бекешев онлайн насыя алууда акчаны дароо эмес, 5 сааттан кийин которууну сунуштады.

Депутат Сүйүн Өмүрзаковдун айтымында, көбүнчө врачтар, мугалимдер, пенсионерлер айлданууда.  Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча 8 айда 705 ушундай факт катталыптыр.

“Санариптик өнүктүрүү министрлиги Улуттук банк менен биргеликте онлайн кредит берүүнүн татаалдаштырылган системасын иштеп чыгышы керек. Жарандар алданбай турган технологияны колдонуу зарыл”, — деди Сүйүн Өмурзаков.

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!