Жанар Акаев Гүлкан Молдобекованын иш бөлмөсүнүн тинтүүгө алынышы боюнча билдирүү жасады

Жанар Акаев Гүлкан Молдобекованын иш бөлмөсүнүн тинтүүгө алынышы боюнча билдирүү жасады

Бүгүн парламенттин жалпы отурумунда “Альянс” фракциясынын лидери Жанар Акаев кыска билдирүү жасады.

Анын айтымында, депутат Гүлкан Молдобекованын парламенттеги иш бөлмөсүнүн тинтүүгө алынышы анын ишмердүүлүгүнө байланыштуу эмес.

“Гүлкан Молдобекованын өзү боюнча эч кандай маселе жок. Тинтүү башка ишке байланыштуу жүрүп жатат. Молдобекова азыр төрага менен Өзбекстанда расмий иш-чарада жүрөт”, — деди Жанар Акаев.

Бир катар маалымат каражаттары Жогорку Кеңештин депутаты, «Альянс» фракциясынын мүчөсү Гүлкан Молдобекованын парламенттеги иш бөлмөсү тинтүүгө алынып жатканын жазышты. Айрымдар видео дагы жарыялашты. Маалыматтарга караганда, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери тинтүүгө алууда.

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!