Эки айдан кийин жергиликтүү кеңештерге шайлоолор өтөт. Кандай жаңы эрежелер кирди?

Эки айдан кийин жергиликтүү кеңештерге шайлоолор өтөт. Кандай жаңы эрежелер кирди?

2024-жылдын 17-ноябрында Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоолор өтөт.

Август айында аймактык-административдик реформага багытталган бир катар мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирди. Ирилештирүүнүн жыйынтыгында 484 административдик-аймактык бирдиктин ордуна 268 болуп түзүлдү. (33 шаар жана 235 айыл аймагы)

Жаңы мыйзамдар күчүнө киргенине байланыштуу буга чейин иштеп келген жергиликтүү кеңештер мөөнөтүнөн мурда таркатылып, шайлоо дайындалды.

Мунун алдында “Жергиликтүү кеңештин депутаттары тууралуу” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгени белгилүү.

Мындан улам, 17-ноябрдагы шайлоодо бир катар жаңы эрежелер иштей баштайт.

  • Жергиликтүү кеңештерге шайлоо босогосу 7% ден 5% га түштү;
  • Кеңештин иштөө мөөнөтү буга чейин 4 жыл болсо, эми 5 жыл;
  • Шайлоо пропорционалдык система боюнча өтөт (партиялык тизме);
  • Партиялык тизмеде кеңештин курамында канча мандат болсо ошончо талапкер болушу керек. Мисалы: Бишкек шаардык кеңешине аттанган партиянын тизмеси 45 кандидаттан ашпашы шарт.
  • Тизмедеги ар бир үчүнчү талапкер айым болушу керек;

Толук маалымат бул жакта

https://cbd.minjust.gov.kg/203103/edition/14104/kg

 

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!