Коррупцияга каршы күрөш: жаңы мыйзам долбоору

Коррупцияга каршы күрөш: жаңы мыйзам долбоору

“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун талдоо

Шилтеме аркылуу көчүрүп алсаңыз болот: коррупция боюнча анализ

2022-жылдын 6-июнунда КРнын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» мыйзам долбоору демилгеленген. Маалымадамада – белгилүү болгондой, мыйзам долбоору жаңы редакцияда иштелип чыккан, анткени сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор ченемдик укуктук актынын текстинин жарымынан көбүн түзөт.

Мындан тышкары, КРнын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин отурумунда коррупцияга каршы күрөшүү жаатындагы мыйзамдардын абалы заманбап талаптарга жооп бербейт жана декларативдүү мүнөзгө гана ээ деген пикирлер бир нече жолу айтылып келет. Ошондой эле аны колдонуу механизмдери иш жүзүндө камсыз кылынбай, башка мыйзамдарга шайкеш келээрин жана коррупцияга каршы күрөштүн натыйжалуу каражаты боло албайт турганын айтышкан.

Мыйзам долбоорунун негизги максаты — Кыргыз Республикасындагы коррупцияны минималдаштыруу жана БУУнун Коррупцияга каршы конвенциясынын, ошондой эле коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү башка эл аралык укуктук документтердин жоболорун ишке ашыруу болуп эсептелет.

8-берене мыйзам долбоорунун жаңылыгы болуп саналат, мында сунушталып жаткан мыйзам долбоору КРнын Башкы прокуратурасынын алдында түзүлүүчү ведомстволор аралык консультациялык органды (мындан ары — Координациялык кеңеш) түзөт.

Координациялык кеңеш коррупцияга каршы күрөшүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо жана натыйжалуулугун жогорулатуу, күч-аракеттерди бириктирүү максатында КРнын Башкы прокуратурасынын жана ыйгарым укуктуу прокуратура органдарынын алдында түзүлүүчү, туруктуу иштөөчү ведомстволор аралык консультативдик орган болуп саналат.

Ошол эле учурда мыйзам долбоорунун 11-беренесинде коррупцияга каршы күрөшүүгө коомчулуктун катышуусу сыяктуу коррупциянын алдын алуу чаралары каралган. Мыйзамдын азыркы редакциясында мамлекеттик институттарды өнүктүрүү боюнча норма гана каралып, коомчулуктун конкреттүү катышуусу каралган эмес.

Эми бул мыйзам долбоору кабыл алынган учурда, жарандар ченемдик укуктук актыларда же ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунда коррупциялык факторлордун элементтерин байкап калса, жоюу боюнча чараларды көрүү алардын компетенциясына кирбеген учурда, мыйзам чыгаруу органдарына, прокуратура органдарына, ал эми ченемдик укуктук актылардын долбоорлору боюнча — ченемдик укуктук жөнгө салуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыз кылуучу аткаруу бийлигинин органы КРнын Юстиция министрлигине маалымдай алат.

Мыйзам долбоорунда коррупциялык тобокелдиктерди талдоо жана коррупцияга каршы мониторинг жүргүзүү сыяктуу башка өзгөчөлүктөр да каралган.

Мисалы, коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, коррупцияга каршы аракеттенүү субъекттери мыйзамда белгиленген компетенциянын чегинде коррупцияга каршы мониторингди жана коррупцияга каршы күрөштүн абалына баа берүүнү жүргүзөт. Мониторингге жана баалоого жарандык коомдун институттары да тартылышы мүмкүн.

Коррупциялык тобокелдиктерге талдоо жүргүзүүгө коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү адистер жана (же) эксперттер тартылышы мүмкүн. Ошону менен бирге, коррупциялык тобокелдиктерди баалоонун натыйжалары боюнча жылына бир жолудан кем эмес, КРнын Министрлер Кабинетинин жыйндарында каралат, анда  мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу тутумундагы коррупцияны минималдаштыруу, өзгөртүүлөр (толуктоолорду) киргизүү боюнча чаралар көрүлөт

Мыйзам долбоорунун өзгөчөлүгү коррупцияга каршы чектөөлөрдүн маңызын ачып берүү болуп саналат, мында мамлекеттик же муниципалдык кызмат ордун ээлеген, мамлекеттик кызматты аткарууга ыйгарым укук берилген адамдар, аларга теңештирилген кызмат адамдары коррупциялык укук бузууларды жасаган адамдара төмөнкүлөргө тыюу салуучу чектөөлөрдү өзүнө алат:

  • жакын туугандарына кызмат абалынан пайдаланып, ишкердик жүргүзүүгө көмөк көрсөтүүгө; уюштуруучулук-укуктук формаларына карабастан чарба жүргүзүүчү субъекттерди башкарууга катышууга, жеке жана юридикалык жактарга алардын ишкердик ишине көмөк көрсөтүү үчүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, анын ордуна өздөрү же үчүнчү жактар үчүн кандайдыр бир пайда алууга; эгерде мыйзамдарда башкача каралбаса, мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында үчүнчү жактардын иштери боюнча ишенимдүү өкүл же башка өкүл болууга;
  • Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары иштеген чет өлкөлүк банктарда эсептерди (депозиттерди) ачууга жана кармоого, накталай акчаларды жана баалуулуктарды сактоого.

Мыйзам долбоорунун 19-беренесинде да позитивдүү динамика байкалат, ага ылыйык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын жетекчилери, ошондой эле алардын жакын туугандарына катталган мүлктөрү, өзүнө тиешелүү акча каражаттарынын, мүлктөрүнүн келип чыгышы тууралуу маалыматтарды салык органдарына берүүсү каралган.

Ушул Мыйзамдын долбоору кабыл алынгандан тарта жогоруда аталган адамдар, КРнын Юстиция министрлигине жана финансылык чалгындоо органдарына ишенимдүү башкарууга (трасттарга) өткөрүлүп берилген катталган чет өлкөлүк компаниялар жана алар катталган мамлекеттер тууралуу маалыматтарды берүүгө милдеттүү. Эгерде адам же анын жубайы ушул трасттык компаниялардын (трасттардын) бенефициары болуп саналса, тиешелүү банктык эсептердин номерлерин көрсөтүүгө тийиш.

Андан кийин Финансылык чалгындоо органы салык жана башка кызматтар менен биргеликте купуялуулукту (маалымат сырын) сактоо менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин жана алардын жакын туугандарынын мүлкүн жашыруу фактысын аныктоо максатында декларацияларга талдоо жүргүзөт жана алардын чыгашаларына мониторинг жүргүзөт. Чыгашалардын салык декларациясында көрсөтүлгөндөй расмий кирешеге дал келүүсү керек.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер тарабынан мүлктөрдү жашыруу фактылары жана/же мыйзамсыз баюунун белгилери аныкталган учурда, тиешелүү материалдар КРнын прокуратурасына кароо үчүн жиберилет.

Ошону менен бирге мыйзам долбоорунда лоббирлөө иштерин жөнгө салуу жагы да каралган. Мыйзам актыларын демилгелөөгө, алга жылдырууга, кат-кабарларды жөнөтүүгө, кол топтоого, кайрылууларды даярдоого жана таратууга багытталган, анын натыйжасында айрым топтор үчүн артыкчылыктуу абалды түзө турган ченемдик укуктук жана башка мыйзам актыларынын кабыл алынышына алып келген ар кандай иш-аракеттер Кыргыз Республикасында лабирлөө болуп эсептелет. Ушул эле беренеде мамлекеттик бийлик органдарында лоббирлөө ишин жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныктала тургандыгы белгиленген. Бирок, бүгүнкү күндө лоббисттик ишмердүүлүктүн механизмин жөнгө салуу механизми жок экенин белгилей кетүү маанилүү.

Мыйзам долбоорунун 6-беренесинде жарандык коомдун институттары коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты түзүүгө жана ишке ашырууга катыша тургандыгы, коррупцияга каршы мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине коомдук контролду ишке ашыруусу белгиленген. Бирок, коомдук контролду ишке ашыруунун так механизми же методу түзүлө элек.

Ошону менен бирге мыйзам долбоорунун 7-беренесинде коррупцияга каршы мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча натыйжалуу диалогун камсыз кылуу максатында консультациялык-кеңеш берүүчү орган түзө алат деп белгиленген. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдында түзүлөт, анын курамына:

— Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары;

– мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери ж.б.

Эгерде колдонуудагы редакцияда КРнын Президентине караштуу консультациялык-кеңеш берүүчү органдын милдеттүү курамы мамлекеттик бийлик органдарынын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка адамдардын өкүлдөрүнөн аныкталса,

Мыйзам долбоорунун сунушталып жаткан ченеми “кире алат” деген сөз айкашын киргизүү менен мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн так курамы жок. Бул жерде белгилей кетүүчү нерсе, КРнын Конституциясынын 76-беренесине ылайык, Жогорку Кеңеш бийликтин мыйзам чыгаруу бутагы катары мыйзам чыгаруу бийлигин жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде контролдоо функцияларын жүзөгө ашыруучу жогорку өкүлчүлүктүү орган болуп саналат.

Ошону менен бирге мыйзам долбоорунун 1-беренесинин биринчи бөлүгүнүн 17-пунктунда “көрүнүктүү” деген сөздөрдү алып салууну максатка ылайыктуу деп эсептейбиз, анткени ал эки ача мааниге ээ жана конкреттүү аныктамасы жок.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде жана коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын фундаменталдык принциптерине жана эл аралык стандарттарга ылайык, иштелип чыккан мыйзам долбоорунда көрсөтүлгөн системаларды түзүү, колдоо жана бекемдөө зарылчылыгы бар экенин маалымдайбыз.

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!