Кыргызстанда чет мамлекеттердин аймагындагы куралдуу конфликттерге катышкандыгы үчүн жазаны күчөткөнү жатышат.

2020-жылдын 25-январынан баштап коомчулуктун талкуусунда Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзам долбоору болду, ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23-март 2020-жылдагы №175 токтому менен демилгеленген.

Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин биринчи окуудан 2020-жылдын 1-апрелинде №6-6099/20 токтому менен кабыл алынган.

Сунушталган мыйзам долбооруна ылайык демилгечи Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин (мындан ары – КРнын КК) 243-беренесине жазаны күчөтүү максатында III категориядагы 5 жылдан 7,5 жылга чейин эркинен ажыратуу түрүндө өзгөртүү киргизүүнү жана аны менен оор кылмыштар даражасына которууну сунуштайт.

КРнын ККнин азыркы учурдагы редакциясындагы 243-беренесине ылайык 2 жыл 6 айдан 5 жылга чейинки эркинен ажыратуу, анча оор эмес кылмыш катары каралган, ал үчүн сот органдары тарабынан чет мамлекеттин территориясында аскердик даярдыктан өткөн жана эл аралык террористтик уюмдардын тарабында катышкан адамдарды шарттуу-мөөнөтүнөн эрте бошотууну колдонушат, жана ошондой эле амнистияга берилүүчү адамдардын категориясына туура келишет.

Андан тышкары, КРнын ККнин 83-беренесине ылайык азыркы учурда КРнын ККнин 243-беренеси боюнча, анча оор эмес кылмыш катары соттун чечими менен пробациялык көзөмөлдү 1 жылдан 3 жылга чейин изоляциясыз жана эркинен ажыратпай колдонуу мүмкүн, бул чет өлкөдө террористтик даярдыктан өткөн адамга эркиндикте калууга жана кылмыштуу арам оюн ишке ашырууга мүмкүндүк берет.

Мыйзам долбоорунун демилгечисинин негиздерине ылайык, берилген жагдай, КРнын ККнин 243-беренесине оор кылмыш катары өзгөртүүлөр киргизилбесе, пробацилык көзөмөлдү анча оор эмес кылмыш катары колдонуу мүмкүнчүлүгү менен террористтик даярдыктан өткөн адамдардын Кыргызстанга массалык түрдө кайтып келишине мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Ошондой эле кылмыш жоопкерчилигин бир топ даражада күчөтүү КРнын жарандарынын өлкөдөн чыгуусун жана чет мамлекеттин территориясындагы куралдуу конфликттерге катышуусу же террористтик даярдыкты өтүүсүн кармап туруучу фактор болот.

Жалпысынан мыйзам долбоору КРнын жарандарынын өлкөдөн чыгуусун чет мамлекеттин территориясындагы куралдуу конфликттерге же согуштук иш-чараларга катышуусун же террористтик даярдыкты өтүүсүн минималдаштыруу, ошондой эле аларга карата шарттуу-мөөнөттөн эрте бошотууну колдонбоо максатында иштелип чыкканын моюнга алуу керек.

Бирок III категориядагы жазанын 5 жылдан 7,5 жылга чейин эркинен ажыратуу түрүндө жазаны күчөтүү боюнча сунушталган демилге өз ыктыяры менен КРга кайтып келген жарандардын укуктарын начарлатат жана аны менен алар үйгө кайтып келгенде, аларды оор кылмыш кылган кылмышкерлердин категориясына которот. Ошол эле учурда кайтып келген жарандардын көпчүлүгү 18 жаштан жогору экенин эске алуу керек. Ошентип, сунушталган норманы колдонуу менен мамлекет жаш кылмышкерлердин санын гана көбөйтөт, алар андан соң, иш жүзндө турмуш көргөзгөндөй, рецидивист болушуп жана андан дагы оор кылмыштарды жасашат.

Ошону менен бирге мамлекеттин өзү жана пенитенциардык система үчүн берилген чара эффективдүү эмес чара болуп саналат, ал ансыз деле толуп турган түрмөлөрдүн санынын көбөйүшүнө, камактагыларды багуу боюнча кошумча чыгымдардын жүгүн гана алып келбестен, ошондой эле коом үчүн маргиналдуу мүнөздү алып жүрөт.

Ошондой эле изоляциясыз жана эркинен ажыратпай пробациялык көзөмөлдү колдонгон учурда, ал адамга нормалдуу жашоого адаптация болууга, өзүнүн ниеттеринин өзгөрүүсүнө мүмкүндүк берээрин жана мындай оор кылмыштарды жасоонун алдын алууга өз эффектисин бере алаарын унутпоо зарыл.

Пробация оор же өзгөчө оор кылмыштарды жасаган адамдарга, Кыргызстанда убактылуу жашаган чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга колдонулбайт.

Ошону менен бирге мамлекет адамды түрмөгө отургузуу менен аны эч оңдой албайт. Пробация органдары адамдын жаңы кылмыштарды жасабашын көзөмөлдөйт. Бул оңолуунун дагы бир түрү, мындан пробация институту коомдон чыгып кала элек адамдар үчүн керек деген тыянак келип чыгат.

Ошондой эле КРнын жаңы Кылмыш кодексин жана КРнын жаңы Кылмыш-процессуалдык кодексин киргизүүнүн максаты гуманизация экенин эскертип кетүү абзел, ал эми сунушталган жаза чарасы кылмыш-процессуалдык мыйзам чыгарууну жакшыртуунун максаттарына карама-каршы келет.

Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен, Кылмыш-кодексиндеги берилген беренени өзгөртүү канчалык зарыл экендигин жана жаңы киргизүүлөр тескери эффектиге алып келбешин парламентарийлер ойлонуулары керек.

Мыйзам долбооруна шилтеме: http://www/kenesh.kg/ru/draftlaw/590052/show

Макаланын автору – Анара Сатылканова, методология жана мониторинг боюнча эксперт.

 

 

 

 

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!