Партияларга аймактык бөлүмдөрдүн кереги барбы?

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б. Торобаев тарабынан демилгеленген “Саясий партиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору 2019-жылдын 15-мартынан тартып коомдук угууга чыгарылган.

Учурда өлкөдө 1999-жылы кабыл алынган “Саясий партиялар жөнүндө” мыйзам колдонулуп келе жаткандагын эске салабыз. Бүгүнкү күнгө чейин парламентарийлер тарабынан саясий партиялардын ишин жөнгө салган жаңы редакциядагы мыйзамды кабыл алуунун  бир нече жолу аракеттери көрүлгөн. Бирок, бардык аракеттер тигил же башка себептер боюнча ийгиликсиз болгон.

Б. Торобаев демилге кылган “Саясий партиялар жөнүндө” мыйзам долбооруна кайрыла турган болсок, аталган долбоор көлөмдүү болуп саналат жана саясий партияларды түзүүнүн, каттоонун, ишмердүүлүгүнүн жана ишмердүүлүгүн токтотуунун көптөгөн аспекттерин деталдуу жөнгө салат. Жалпысынан мыйзам долбоорунун тексти жетишерлик көлөмдүү, андыктан анын бир катар учурларына гана токтолгум келет.

Демилгечи тарабынан сунушталган кызыгууну жараткан ченемдердин бири болуп саясий партияларды мамлекеттик колдоо жөнүндө ченем саналат. Бирок, буга чейинки демилгелерден айырмаланып, мамлекеттик колдоо саясий партияларды тикелей каржылоо түрүндө эмес, мамлекеттик жана муниципалдык жалпыга маалымдоо каражаттарына жеткиликтүүлүк, мамлекеттик жана (же) муниципалдык менчикте болгон жайларды жана байланыш каражаттарын мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жайларын берүү шартында берүү жана шайлоо өнөктүгүн өткөрүүдө бирдей шарттарды камсыз кылуу түрүндө берүү сунушталат.

Акыркы убакта коомдо саясий партиялардын ачыктыгына, айкындуулугуна жана отчеттуулугуна карата талаптарды белгилөө зарылчылыгы тууралуу пикирлер айтылып келет. Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда демилгечи аталган пикирлерди эске алып, саясий партиянын жылдык отчету басылма жалпыга маалымдоо каражаттарында милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш экендиги көрсөтүлгөн. Мында, саясий партиянын финансылык операцияларына контролдукту Эсептөө палатасы да, ошондой эле   салык органдары да жүзөгө ашырат.

Демилгечи саясий партияларда мүчөлүгү катталып, жаран бир гана саясий партиянын мүчөсү боло ала тургандыгын белгилөөнү сунуштайт.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоору оболу саясий партияларды түзүүгө карата талаптарды күчөтүүгө багытталгандыгын белгилей кетүү зарыл. Алсак, саясий партиялардын өлкөнүн бардык облустарында, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында аймактык бөлүмдөрүнүн милдеттүү түрдө болуусу жөнүндө талапты белгилөө сунушталат. Бирок, көптөгөн өлкөлөр сыяктуу эле биздин өлкөдө иш жүзүндө өз кызыкчылыктарын локалдык деңгээлде, облустун, шаардын чегинде көздөө максаты  болуп саналган локалдык, жергиликтүү саясий партиялар иш алып барууда. Алсак, мисалы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине өткөн шайлоолордо белгилүү бир аймакта өз ишин жүргүзгөн саясий партиялар республикалык масштабдагы партияларга караганда көпчүлүк шайлоочулардын көңүлүнө жаккан. Мисалы, Кемин шаарчасынын шаардык кеңешине болуп өткөн шайлоолордо “Патриот Ынтымагы” партиясы “Кыргызстан” партиясына караганда шайлоочулардын көпчүлүк добушун алган, Каракол шаарында көпчүлүк орунду “Табылга” партиясы, Кара-Балта шаарында – “ЭлАман” жана “Элдик”  партиясы ж.б.у.с. алган.

Ошентип, учурда орун алган кырдаал саясий партиялар өз ишин локалдык деңгээлде ийгиликтүү иш алып бара ала тургандыгы тууралуу ырастайт жана ушул өңүттө ар бир партиянын бүтүндөй өлкө боюнча аймактык бирикмелеринин милдеттүү түрдө болушу жөнүндө талапты коюу терс кабыл алынышы мүмкүн. Мында, демократиялык мамлекет шартында пикирлердин плюрализми колдоого гана алынгандыктан, мындай талаптарды белгилөөнүн максатка ылайыктуулугу да толук түшүнүктүү эмес.

Демилгечи ошондой эле саясий партияларда мүчөлөрдүн милдеттүү, минималдуу санын – кеминде 7 миң мүчө, алардын ичинен ар бир аймактык бирикмеде кеминде 300, ал эми Бишкек жана Ош шаарларында – кеминде 700 болушу керек деп белгилөө сунушталууда. Мындай талаптарды коюу негизинен, демилгечинин саясий партияларды ирилештирүү ниети тууралуу ырастап турат, бул да жыйынтыгында барып шайлоочуларга терс таасирин тийгизет, анткени алардын тандоосуна бир нече ири партиялардын ичинен гана тандоо сунушталат.

Маалымат үчүн: 2018-жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 80 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференцияда мамлекет башчы Саясий партиялар жөнүндө мыйзамды өркүндөтүү зарылчылыгы бар экендиги тууралуу билдирген (https://kyrtag.kg/kg/news/zakon-o-politicheskikh-partiyakh-ustarel-prezident-zheenbekov).

Шилтеме: http://kenesh.kg/ru/article/show/5116/na-obshtestvennoe-obsuzhdenie-s-15-marta-2019-goda-vinositsya-proekt-zakona-kirgizskoy-respubliki-o-politicheskih-partiyah

Автор: Канышай Мамытова — «Жарандык платформа» КФнын шайлоо укугу боюнча эксперти

http://platforma.kg/?p=8911

 

 

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!