А.Шыкмаматовдун мыйзам долбооруна АЭУдан баш тартуу жана саясий партиялардан тизме боюнча талапкерлердин пайдасына преференцияларды колдонуп кол менен эсептөөгө өтүү
2019-жылдын 12-апрелинен тартып «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» мыйзамдын кезектеги долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул мыйзам долбоорунун демилгечиси КР ЖК депутаты А.Шыкмаматов болуп саналат.
Эскерте кетсек, акыркы убакта КР ЖКга КР Президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоону жөнгө салган мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду сунуш кылган бир нече мыйзам долбоорлору келип түштү. Кыясы, 2020-жылы КР ЖКга боло турган шайлоолордун алдында өлкөнүн парламентарийлери КР ЖК депутаттарын шайлоону жөнгө салган мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы боюнча олуттуу тынчыздангандай.
А. Шыкмаматов сунуш кылган мыйзам долбоору КР ЖК депутаттарынын биз мурда сөз кылган демилгелери сыяктуу эле КР ЖК депутаттарын шайлоонун жүрүшүндө өлкөнү шайлоо округдарына бөлүүнү сунуштайт. Алсак, демилгечи КР ЖК депутаттарын шайлоо үчүн 10 шайлоо округун: 9 – өлкөнүн аймагында жана Кыргыз Республикасынын чектеринен тышкары жашаган шайлоочулар үчүн бир бирдиктүү шайлоо округун түзүүнү сунуш кылат.
Демилгечинин сунушу боюнча ар бир шайлоо округу боюнча саясий партия талапкерлердин өзүнчө тизмесин көрсөтөт, ал эми өлкөдөн сырткары жайгашкан бирдиктүү округ боюнча бюллетендердин пакетинде саясий партиялар жана ФАЖ, партиянын лидеринин туулган жылы көрсөтүлөт. Мына ошентип, бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоочулар партиянын лидерин гана тандоого укуктуу болот.
Бул шайлоо бюллетендериндеги барактардын көп санына алып келээрин көңүлгө алып, ал “шайлоо бюллетендеринин пакети” жаңы түшүнүгүн киргизүүнү сунуштайт, ал маңызы боюнча саясий партиялардын аталыштары жана ар бир округ боюнча партиялардан талапкерлердин тизмеси менен брошюраны билдирет.
Өлкө ичинде шайлоо округдары боюнча шайлоонун жүрүшүндө шайлоочу бюллетендердин пакетинин арасынан өзүнүн тандоосун жасаган саясий партиянын пайдасына анын аталышы бар баракты айрып алат. Бул баракта аталган саясий партиядан талапкерлердин тизмеси болот. Талапкерлердин фамилияларынын каршысына шайлоочу өзүнүн тандоосу боюнча «+» белгисин кое алат, белги койбойт же талапкердин атын жөнүн же фамилиясын чийип салат. Андан кийин шайлоочу шайлоо бюллетенин добуш берүү үчүн урнага салат.
Мында демилгечи өзүнүн мыйзам долбоорунда автоматтык эсептөөчү урнаны пайдалануудан баш тартууну жана добуш берүү үчүн тунук урналарга кайтууну сунуш кылат.
Бул демилгени Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши колдосо жана кабыл алынган учурда добуштарды эсептөө жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу этабында олуттуу кыйынчылыктарга алып келиши мүмкүн. Анткени демилгечи автоматтык эсептөөчү урналардан баш тартууну сунуш кылгандыктан, бул же тигил саясий партиянын пайдасына добуш берүүнү эсептөө, “Бардыгына каршы” позициясын эсептөө кол менен эсептелинет. Саясий партиялар боюнча добуштарды эсептөөдөн тышкары, шайлоо комиссиялары шайлоочулардын «+» белгисин же талапкердин ФАЖын чийип салуу белгисинин негизинде саясий партиялардан талапкерлердин рейтингин өзүнчө кол менен саноого туура келет.
Демилгечи өз мыйзам долбоорунда КР БШК талапкерлердин рейтингин эсептөөнү жарактуу бюллетендерди сканерлөө жана техникалык элементтерди компьютердик иштетүү жолу менен эсептөө аркылуу техникалык каражаттарды колдонуу жолу менен талапкерлердин рейтингин эсептөөнү оптималдаштырууга укуктуу.
Бул система өзүнө добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруунун жүрүшүндө көп сандаган фальсификациялоо тобокелдигин камтыйт, алар азыркы учурда автоматтык эсептөөчү урналарды колдонулушун чечүүгө мүмкүнчүлүк берди, анткени саясий партиялардын пайдасына добуштарды эсептөө кол менен саноо аркылуу жүргүзүлөт.
Демилгечи ошондой эле улуттук азчылыктар, ДМЧА, жаштардын пайдасына болгон квоталардан баш тартууну жана болгону гендердик квотаны – бир жыныстагы адамдардын 70%дан ашык эмесин калтырууну сунуш кылат. Өлкө өзүнө кабыл алган эл аралык милдеттенмелерди эске алып, көрсөтүлгөн квоталардан баш тартуу жалпысынан өлкөнүн имиджине терс таасирин тийгизет.
Саясий партия башка саясий партиялардын мүчөлөрүн талапкер кылып көрсөтүүгө укугу жок экендиги жөнүндө ченем, ошондой эле мандаттарды бөлүштүрүүгө жеткиликтүүлүк үчүн шайлоо чегин өлкө боюнча 9%дан 5% га чейин жана округдар боюнча 0,7%дан 0,5%га чейин төмөндөтүү позитивдүү момент болуп саналат.
“Талапкер партия менен байланышын жоготкон” учурда саясий партиянын жетектөөчү органы тарабынан саясий партиялардан талапкерлердин тизмесинде кезектүүлүк өзгөртүлүшү мүмкүн деген ченем өзүнчө көңүл бурууну талап кылат. Бирок иш жүзүндө мындай аныктама түшүнүксүз бойдон калууда.
Мыйзам долбоорунун тексти, негиздеме-маалымкат жана салыштырма таблица менен шилтемеге өтүп таанышсаңыздар болот:
Демилгечи: Шыкмаматов Алмамбет Насырканович
Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!
Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!