Альянс саясий партиясынын программасы

Кыргызстан – бул:

  • өнүгүүнүн жана өзгөрүүлөрдүн улуу тарыхына жана табиятына, мекенге болгон сүйүү менен бириккен бирдей укуктарга жана мүмкүнчүлүктөргө ээ жарандардын өлкөсү;
  • светтик, укуктук, демократиялык жана социалдык багыттагы мамлекет;
  • адам, анын өмүрүн, ден соолугун, кадыр-баркын, укуктарын жана эркиндигин эң жогорку баалуулук катары көргөн компетенттүү кадрлардын башкаруусунда турган өлкө;
  • ишкерликти өнүктүрүү жана жарандардын өзүн-өзү өнүктүрүүсү үчүн инновациялардын, ийкемдүү экономиканын, мүмкүнчүлүктөрдүн өлкөсү.

Баалуулуктар:

Демократия, жарандык тилектештик, инсандык эркиндик, экологиялык туруктуулук, теңдик.

Принциптер:

Жаңылануу: саясий элитаны ар тараптуу абийирдүү жана жогорку билимдүү, жогорку компетенттүү жана принципиалдуу адистер менен жаңыртуу.

Максаттары:

  • Жарандарга отчёт берген мамлекеттик башкаруу системасын түзүү: бийлик менен элдин ортосундагы ажырымды жоюу.
  • Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн эффективдүү программаларын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашырууга жетишүү.
  • Демократиялык принциптердин жана баалуулуктардын өлкөсү катары, тынчтыктын жана коопсуздуктун глобалдык экосистемасында ишенимдүү өнөктөш катары улуттук кызыкчылыктарга негизделген ачык тышкы саясатты алдыга жылдыруу.

Бул максаттарга 4 багыт аркылуу жетебиз:

  • Экономика;
  • Мамлекеттик башкаруу;
  • Билим берүү жана маданият;
  • Саламаттыкты сактоо.

Булардын баарында кайчылаш темалар бар:

  • Экология;
  • Гендердик теңчилик жана адам укуктары;
  • Тынчтык жана коопсуздук.
  1. Экономика

Бүгүнкү күндөгү курч көйгөйлөрдүн бири – азык-түлүк жана эң керектүү товарлардын баасынын өсүүсү. Кыргызстанда баанын өсүү темпи өтө жогору бойдон калууда. “Альянс” партиясы  экономика, экспорт жана импорт деген эмне экенин түшүнгөн, билген компетенттүү адамдардын тобунан куралды. Жакшы башкаруу менен бирге команда баалардын өсүшүн басаңдатууга, жарандардын экономикалык абалын жакшыртууга убада берет.

Жергиликтүү салыктарды эффективдүү колдонуу үчүн стимулдаштыруу системасы (кайсы жерде өнүгүү болсо – ошол жерге бюджетти көбөйтүү), милдеттүү салык төлөмдөрүнүн бардык түрлөрүн автоматташтыруу (салык, бажы төлөмү, айып пулдар), шаар мэрлерин шайлоо аркылуу тандоо – мунун баары коррупция менен күрөшүүгө эффективдүү болот. Андан сырткары коррупциялашкан кадрлардан арылууга, мамлекеттик казынанын кирешесин көбөйтүүгө шарт түзөт. Жыйынтыгында инфраструктураны жакшыртууга жана башка тармактарды оңдоого да каражат пайда болот. Бул жол менен биз жаңы инвесторлорду тартып, жаңы жумуш орундарын түзөбүз. Бир гана экономиканы диверсификациялоо өлкөнүн экономикасын көз карандысыз кыла алат.

Андан тышкары өзүбүздүн ресурстарды туура колдонуу менен бюджетти 2 эсе көбөйтүп, ишкердик жана туризмди өнүктүрүү менен Кыргызстанды бай өлкөлөрдүн катарына кошсо болот.

“Бир ишкер – бир үй-бүлө”

Бул багытта төмөндөгүдөй саясат жүргүзүлөт:

  • Бизнести текшерүүнү азайтуу;
  • Фискалдык реформа жүргүзүү;

Бюджеттик реформа:

  • Социалдык салыкты 27,5 %дан 15%га төмөндөтүү;
  • Салык салууну кирешенин негизинде эмес, чыгашанын негизинде жүргүзүү;

✓ Бажылык тариздөөнү 90 секунд ичинде жүргүзүү;

✓ Инвесторлор 5000ге чейинки калктуу конуштарга 5 жылга чейин инвестиция салса, аларды салыктан бошотуу.

“Кыргызстан – туризмдин бейиши”

  • Аэропортторду мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу эл аралык корпорациялар менен бирге башкаруу.
  • Кыргызстан Борбордук Азиядагы экологиясы эң таза өлкө.
  1. Мамлекеттик башкаруу

“Атка жеңил, тайга чак өкмөт”

  • Кыргызстан жараны негизги кардар болушу керек.
  • Мамлекеттик органдардын функцияларына бардык тараптан анализ жүргүзүү жана алардын аппараттарын эки эсе азайтуу.
  • Мамлекеттик кызматтарга кадрларды тандоодо көз карандысыз комиссиянын жана иштелип чыккан так критерийлердин негизинде таза жана ачык конкурс өткөрүүнү камсыздоо.
  • Бардык мамлекеттик кызматтарды электрондук форматка өткөрүү.
  • Салыктык жана башка төлөмдөрдү чогултууда көзөмөл жүргүзүүнүн автоматташтырылган, санариптик системасын жакшыртуу. Бул коррупцияны жана адилетсиз салык төлөмдөрүн минималдаштырат.

 «Бийликти аймакка кайтарабыз»

  • Президенттин аймактардагы ыйгарым өкүлдөрү жана аким кызмат ордун жоюу.
  • Билим берүү жана саламаттыкты сактоо бюджетин түзүү ыйгарым укуктарын аймактарга өткөрүп берүү.
  • Айыл чарба кооперативдерин түзүү жана мамлекеттик колдоо көрсөтүү.
  • Шаарлардын мэрлерин жана айыл өкмөттөрдү түз шайлоо.

“Адилеттүүлүк, коопсуздук жана люстрация”

Бүгүнкү күндө сот жана укук коргоо тармагы эң коррупциялашкан органдардын бири экени эч кимге жашыруун эмес. Таза сот системасын түзбөй туруп бир дагы реформа жүргүзүү мүмкүн эмес.

 

  • Сот жана укук коргоо органдарына болгон ишенимди кайтаруу.
  • Буйрутма иштерин аткарып, системага көө жапкан сотторду, тергөөчүлөрдү жоопкерчиликке тартууга, люстрация жүргүзүүгө биздин партиянын эрки жана кудурети жетет.
  • Сотторду тандоо кеңешин тандоону жана көрсөтүү тартибин өзгөртүү.
  • Чек ара зоналарында эркин экономикалык зоналарды түзүү.

III.      Билим берүү  жана маданият

 

Билим жок болсо, мамлекет жана коомчулук атаандаштыкка туруштук бере албайт.

“Билимдүү улут – ийгиликтүү өлкө”.

  • Директорлорду ата-энелер жана мугалимдерден турган камкорчулар кеңеши аркылуу дайындоо.
  • Биринчи класстан баштап англис тили жана программалоо сабактарын киргизүү.
  • Бардык мектептерди канализация жана ысык суу менен камсыздоо.
  • “Альянс” партиясы билим берүү жана агартуу тармагы боюнча ишти күчөтөт. Биз “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдүн аткарылышын көзөмөлдөйбүз. Ага ылайык, ар бир жаран мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайларда милдеттүү жана акысыз түрдө баштапкы, негизги жалпы жана орто жалпы билим ала алат. Жалпы негизги билим алган адамдар орто билим берүү программалары боюнча окууну улантууну каалабаган учурда, башталгыч кесиптик же орто кесиптик билим берүү программалары боюнча окууну улантууга милдеттүү.
  • Кыргыз, орус жана англис тилдерин милдеттүү түрдө үйрөтө турган мектептердин санын көбөйтүү. Үч тилде билим алган мектеп окуучулары башка өлкөлөрдүн мектеп окуучулары үчүн атаандаштык жарата алат. Кыргызстан билимдүү мамлекеттердин катарына кошулат.
  • Балдардын сын көз караштагы ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү – бардык багыт боюнча жөндөмдүү адамды тарбиялап өстүрүү дегендикке жатат. Сын көз карашты калыптандыруу – өз алдынча байкоо жүргүзүүгө жөндөмдүү, көз карашын жеткире алган, маалыматты кунт коюу менен кабыл алып, кандай гана кырдаал болбосун аналитикалык ой жүгүртө билген балдарды тарбиялоо дегенди түшүндүрөт.
  • Маданият билимди сактап, кийинки муунга өткөрүп берет, коомду жана ар бир адамды бакубат жашоого алып барат, ошондой эле социалдык мамилелерди бекемдейт.
  • Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк инвестицияларын маданият тармагына тартуу.
  • Маданият ишмерлерин социалдык жактан колдоого шарт түзүү.
  1. Саламаттыкты сактоо

Саламаттыкты сактоо тармагын ресурстарды туура башкаруу аркылуу өнүктүрсө болот.

  • Медицина тармагына акыркы жана заманбап технологияларды тартуу максатында, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде, эл аралык институттардын катышуусу менен ооруканалардын үчтөн бирин жеке инвесторлорго өткөрүп берүү.
  • Бардык дарыканаларды, фармацевтикалык компанияларды, дарыгерлерди жана бейтаптарды көрсөтө турган бирдиктүү санарип платформасын киргизүү.
  • Электрондук рецепттерди киргизүү.

КОРУТУНДУ:

Партиянын программасы биринчи кезекте жакынкы жана орто мөөнөттүү максаттарга жана реалдуу натыйжаларга жетүүгө багытталган. Ишке ашыруу баскычындагы ар бир багыт жана сунуш кылынган чечим профессионалдык экспертизанын элегинен, коомдук талкуудан өтөт. Программа эксперттердин жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн сунуштары, түзөтүүлөрү үчүн ачык.

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!