Бутун Кыргызстан саясий партиясынын программасы

Партиянын Программасынын жаңы редакциясында жакынкы жылдардагы негизги багыттар жана маселелер аныкталган. Бул биздин келечектеги максаттарыбызды, Кыргызстанды өнүктүрүүгө жана бүтүндүгүн сактоого багытталган иш-аракеттерибизди бекитүүчү документ.

Партиянын Программасыны 10 пункттан турат:

  1. Мамлекеттеги абал жана партиянын негизги максаты
  2. Мамлекеттик түзүлүш
  3. Экономика чөйрөсүндөгү саясат
  4. Коргоо жана коопсуздук чөйрөсүндөгү саясат
  5. Тышкы саясат
  6. Социалдык саясат жана маданият
  7. Илим, билим берүү жана саламаттыкты сактоо
  8. Жаштар – кыймылдаткыч күч
  9. Элдин бүтүндүгү – ийгиликтүү өнүгүүнүн негизи
  10. Демографиялык түзүлүш жана аймактардын өнүгүүсү

 

  1. Мамлекеттеги абал жана партиянын негизги максаты

«Бүтүн Кыргызстан» партиясы — саясий жана социалдык-экономикалык туруктуулуктун гаранты болгон күчтүү жана бүтүн Кыргызстанды курууга даяр мамлекеттин чыныгы патриотторун өз катарына бириктирген саясий партия.

Партия бийликти төңкөрүш аркылуу алмаштыруу тажрыйбасы мындан ары мамлекеттин жана биздин көп улуттуу элибиздин тагдырын аныктай албайт деп эсептейт. Жалпы элдик чечим аркылуу кабыл алынган Конституцияга ылайык бийликтин булагы эл болуп, бийлик эл менен эсептешип жана бардык убакта элдин чечими аркылуу алмашып туруусу керек. Мындай болбосо, бийликтин алмашуусу мыйзамдуу болбосо, анда эл бийликтин булагы катары миссиясын төңкөрүш жолу аркылуу жүргүзүүгө мажбур болот. Элди саясий маданиятка үйрөтүү функциясын мыйзамдарда белгиленген чектен чыкпастан, бийликке жетүү үчүн болгон күндөлүк иш-аракеттери аркылуу саясий партиялар өздөрүнө алуусу керек. Партияларга атуулдардын нараазычылыгын конституциялык талаадан тышкары пайдалануусуна жол берилбеш керек. Бийликке жетүү ачык, таза өткөрүлгөн шайлоодогу жеңиштин жыйынтыгында гана жана бийликте болуусунун негизи катары элдин турмушун жакшыртуу экендигин бийликтеги да, оппозициядагы да партиялар так билүүлөрү зарыл.

Партиянын негизги максаты – туруктуу өнүккөн экономикасы жана билимдүү, маданияттуу, ынтымактуу эли болгон эгемендүү, күчтүү жана бүтүн Кыргызстанды куруу.

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы өзүнүн негизги максатын иш жүзүнө ашыруу үчүн жети стратегиялык негизди өз алдына коёт:

  • Экономиканы өнүктүрүү жана негизги тармактарды модернизациялоо;
  • Адилеттүү социалдык саясат, элди социалдык гарантиялар менен камсыздоо;
  • Коррупцияга каршы күрөшүү жана сот системасын көз карандысыздыкка жеткирүү;
  • Тышкы жана ички коопсуздукту камсыздоо, улуттук кызыкчылыкка жараша тышкы саясат жүргүзүү;
  • Заманбап ички саясий системаны түзүү;
  • Кыргызстан элинин бүтүндүгүн, улуттар аралык тынчтыкты сактоо;
  • Саламаттык сактоо, билим берүү, илимди, маданиятты жана спортту өнүктүрүү үчүн тиешелүү шарттарды түзүү.

 

  1. Мамлекеттик түзүлүш

Партия,  президенттердин  мамлекеттеги бийликти бир колго топтоосунун негизинде пайда болгон коом менен мамлекеттин ортосундагы ажырымды жоюу зарыл деп эсептейт. Бир кишинин жоопкерчиликсиз, көзөмөлсүз бийлиги мамлекетти туңгуюкка алып келип, экономикалык өсүштү аксатты, элдин турмуш деңгээлин төмөндөттү. Президент бийликтин бир да бутагына түздөн-түз кирбестен туруп, ошол эле убакта аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот бийликтерине катуу таасир эткен абдан чоң ыйгарым укуктарга ээ болуп алган. Бул көрүнүш мамлекеттин бардык башкаруу системасынын натыйжалуулугун төмөндөттү жана башаламандыкты пайда кылды. Мамлекеттин алсыздыгы, түшүнүксүз жана субъективдүү тышкы саясат Кыргызстандын эл аралык аброюнун кескин төмөндөшүнө алып келди.

            «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы бийликтин үч бутагынын: мыйзам чыгаруу, аткаруу жана соттордун ыйгарым укуктары так бөлүнгөн,  коом менен эсептешкен бийлик системасы туруктуулуктун жана өнүгүүнүн жолу деп эсептейт.

Конституцияда бир да бийлик бутагы мыйзам чегинен чыгып, же башка бийлик бутагынын ыйгарым укуктарын ээлеп алуусуна мүмкүнчүлүк бербеген, бийлик бутактарында тең салмактуулукту кармап туруучу жобо так болуш керек. Мына ушул өңүттөн алганда партия мамлекеттик түзүлүш системасын кескин өзгөртүүнү сунуштайт. Бардык бийлик бутактары мыйзамда бекитилген ыйгарым укуктарынын чегинде иштеп, эл менен эсептешип жана конституцияда белгиленген мөөнөттөрдө сөзсүз түрдө эл тарабынан кайрадан шайлоодон өтүүсү керек. Мыйзам жана көз карандысыз сот укугу конституциянын кол тийбестигинин гаранты болуусу керек.

Жогорку Кеңеш бир мандаттуу округдардан шайланган 60 депутаттан турган Мыйзам чыгаруу жыйынынан жана ар бир айыл округунун, райондук, облустук жана республикалык маанидеги шаарлардын өкулдөрүнөн куралган Улуттук Курултайдан түзүлүш керек. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттыгына жана Курултайдын делегаттыгына талапкерлерди көрсөтүү укугу саясий партияларга жана жеке жарандарга берилүүгө тийиш. Эл тарабынан түз шайланган, элге таянган, эл менен байланышы бар депутат гана күчтүү депутат боло алат. Күчтүү депутаттары бар Мыйзам чыгаруу жыйыны жана Улуттук Курултайдан түзүлгөн  Жогорку Кеңеш — күчтүү Жогорку Кеңеш болот.

Жогорку Кеңеш тарабынан жылдын жыйынтыгы боюнча Аткаруу бийлигинин ишмердүүлүгүнө жалпысынан, Президенттин жана ар бир министрдин ишмердүүлүгүнө өзүнчө баа берилүүгө тийиш. “Канааттандырарлык эмес” деп бааланган учурда аларга ишеним көрсөтпөө жөнүдө чечим кабыл алынуусу зарыл.

Президент эл тарабынан түз шайланып жана ошол эле мезгилде Кыргыз Өкмөтүн жетектөөсү керек. Ошондо мамлекеттик каражаттарды үнөмдөөдөн тышкары башкаруу органдарынын ишинин эффективдүүлүгүн жетиштүү деңгээлде жогорулаткан, аткаруу бийлигинин бирдиктүү системасын камсыз кылган бир мамлекеттик аппарат түзүлөт. Ошондой эле Өкмөттүн жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын так аныктоо, чектөө зарыл. Бардык мамлекеттик бийлик тутумдары аймактарды өнүктүрүүгө, өзгөчө чек арага жакын жайгашкан аймактарды өнүктүрүүгө артыкчылыш бериш керек.

  1. Экономикалык саясат

Экономика чөйрөсүндө негизги аракеттер төмөнкү багыттарда болуусу керек:

  • Кыргызстандын экономикалык потенциалын арттыруу. Евразия экономикалык биримдигинин потенциалын натыйжалуу пайдалануу;
  • мамлекеттин энергетикалык көз карандысыздыгын камсыздоодо Камбар-Ата-1 ГЭС баш болгон ГЭСтерди курууга басым жасалыш керек. Кыргызстан электр энергиясын башка мамлекеттерге сатуучу болуусу керек;
  • мамлекеттин жаратылыш ресурстарын өздөштүрүүдө мамлекеттин кызыкчылыгы сакталууга тийиш. Казылып жаткан алтын кендеринде казылып алынган алтындын кеминде 50% Кыргызстан казынасына түшүш керек;
  • партиянын көңүл борборунда дайыма инвестицияларды коргоо жана инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болот;
  • партия өзүнүн саясатында менчик ээлеринин кызыкчылыктарын, анын ичинде баардык атуулдардын менчиктерин коргоону негизги маселе деп эсептейт. Экономиканын жана коомдун тиешелүү мыйзамдары менен так иштетилген менчик гана негизинен алганда коомдун, өзүнчө алганда ар бир атуулдун байлык булагы болуп эсептелет;
  • партия өзүн бизнести, ишкерлерди жана фермерлерди, негизинен ишкер адамдардын кызыкчылыгын коргоочу деп эсептейт, себеби алар гана атуулдарга эмгектенүүгө, өзүнө жана жакындарына татыктуу жашоону камсыз кылууга мүмкүнчүлүк беришет;
  • бизнес климатын жакшыртуу, бизнеске мамлекет тарабынан болгон басымды азайтуу, мамлекеттик органдардын көзөмөлдөө-текшерүү функцияларын кыскартуу жана бул функцияларды кичи жана орто бизнести өнүктүрүүнү, анын ИДПга болгон үлүшүн көбөйтүүнү, бизнес кызыкчылыгын активдүү коргогон бизнес-ассоциацияларга өткөрүп берүү;
  • партия дем берүүчү салык, бажы жана атаандаштык саясатын кыйшаюусуз жүргүзөт. өзгөчө көнүл мамлекеттин атаандаштык саясатына бөлүнөт. Атаандаштык арзан жана ошол эле мезгилде сапаттуу товарларды өндүрүүгө жана сатууга өбөлгө түзөт.
  • финансы системасынын стабилдүү иштеши жана өнүгүүсү экономиканын өнүп-өсүшүнүн негизи;
  • аймактарды өнүктүрүү программаларынын аткарылышын көзөмөлдөө, аймактардагы инвестициялык саясатты ишке ашыруудагы бюджеттик каражаттардын натыйжалуулугун арттыруу жана финансылык камсыздоо;
  • партия өзүнүн саясаты менен экологиялык таза продукцияларды, анын ичинде ичүүчү суу жана тамак-аш продукцияларын, гидроэлектроэнергиясын, жаратылыш ташынан буюмдарды, жарым өткөргүч материалдарын өндүрүүнү жана экспорттоону колдойт. Ал үчүн биз республикада мамлекеттик колдоо аркылуу тышкы рынокко чыга турган 5-6 чоң өндүрүштүк-соода конгломераттарын түзүүнү көздөйбүз. Кыргызстан өзүнө тышкы рыноктогу экологиялык таза айыл-чарба жана кайра иштетүүөндүрүшүнүн продукцияларын камсыз кылуучу статусун кайтарып алуусу керек;
  • инженердик-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү, Кыргызстанды «транспорттук туңгуюктан» алып чыгуу жана «транзиттик» өлкөгө айландыруу аркылуу элдин жумуш менен камсыз болушун жогорулатуучу жана экономикалык абалын жакшыртуучу иш-чараларын турмушка ашыруу;
  • партия иш жүзүндө Кыргызстандын туристтик кызматтардын чоң экспортеруна айлануусун көздөйт, биздин мамлекет туризмдин жана эс алуунун регионалдык борбору болуп калуусу тийиш.

Биз экономиканын натыйжалуу өнүгүүсү гана коомдун баардык мүчөлөрүнүн жашоо шартын жакшыртуунун, камсыздалган карылыктын, жаштарга ишенимдүү келечектин, мамлекеттин көз карандысыздыгынын жана аймактык бүтүндүгүнүн негизи болот деп эсептейбиз.

 

  1. 4Коргоо жана коопсуздук чөйрөсүндөгү саясат

Кыргызстан өзүнүн көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн толук кандуу  камсыз кылуу максатында ЖККУ, ШКУ жана башка коопсуздук боюнча эл аралык уюмдарга мүчө болгон. Бирок коопсуздукту камсыз кылуучу тышкы факторлордун бар болушу өзүбүздүн аскердик күчтөрдүн кереги жок дегенди билдирбейт. Кайрадан жогорку профессионалдуу, мобилдүү, чакан армия потенциалдуу агрессиядан ишеничтүү коргоочу болот. Мындан тышкары Кыргызстан жергиликтүү жашоочулардан турган Швейцария жана башка дүйнөдөгү кичи мамлекеттердин үлгүсүндө аймактык коргонуунун аскердик күчтөрүн өнүктүрүүсү керек. Республиканын курал колдоно алган ар бир атуулу мамлекетке коркунуч туулган кезде аны коргоого чыгуусу милдеттүү болушу шарт.

Укук коргоо органдарын, өзгөчө СССР убагынан бери өзгөрбөгөн атайын кызматтарды реформалоо талап кылынат. Бирок азыркы түзүлгөн кырдаал атайын кызматтарга эл аралык терроризм жана экстремизм, наркомафия жана глобалдык финансылык чөйрөдөгү уюшулган кылмыштуулук менен күрөшүү үчүн жаңы маселелерди коюп жатат. Ушуга  байланыштуу тышкы күчтөрдүн биздин республикага жана анын атуулдарына каршы кыймылдарын өткөрбөөчү биздин улуттук коопсуздук органдарыбыздын сырттагы иш-аракеттери биринчи планга чыгып жатат. Ошондуктан республиканын жетекчилигин тийиштүү маалыматтар менен камсыздоо үчүн тышкы чалгындоону өзүнчө орган кылып бөлүү керек. Контрчалгындоо иши да Кыргызстандын аймагындагы чет мамлекеттик чалгындоо органдарына каршы иштеген өзүнчө кызмат аркылуу жүргүзүлүүсү тийиш.

Ички иштер органдары кылмыштуулук менен күрөшүү жана коомдук тартипти сактоо үчүн гана багытталышы керек. Ошондуктан бул функцияларды өзүнчө органдарга бөлүп, Өкмөткө гана баш ийген республиканын баардык аймагында уюшулган кылмыштуулук менен күрөшкөн тийиштүү ыйгарым укуктарга ээ криминалдык полицияны түзүү зарыл. Коомдук тартипти сактоо үчүн шаарларда жана айылдарда Өкмөткө жана жергиликтүү бийлик органдарына баш ийген муниципалдык милицияны түзүү керек. Дээрлик 100% жеке менчик шартында экономикалык субъектилердин өз ара мамилелери Граждандык Кодекстин негизинде мамлекеттин кийлигишүүсү жок сот органдары аркылуу чечилүүгө тийиш. Мамлекет атуулдардын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтире турган таасирлүү экономикалык кризистерге айлануучу коркунучтарды болтурбоо үчүн тек гана экономикалык коопсуздук жөнүндө камкордук көрүүсү керек.

  1. Тышкы саясат

Кыргызстан башка мамлекеттер менен болгон мамилесинде биринчи кезекте улуттук кызыкчылыктарды сактоосу зарыл. Мамлекеттин баардык тышкы саясий кадамдары коомдун жана мамлекеттин коопсуздугуна зыян келтирбөө принцибин сактоого, баардык мамлекеттер менен эки тарапка тең пайдалуу мамилелерге багытталуусу керек.

Мамлекеттин тышкы саясатында приоритеттүү багыттар төмөнкүлөр болуусу керек:

  • дүйнөлүк экономикалык алкакта Кыргызстанга жагымдуу геосаясий шарттарды түзүүгө багытталган мамлекеттин тышкы саясатын жүргүзүү;
  • КМШөлкөлөрү менен биринчи кезекте ЕврАзЭс, Бажы биримдиги, ШКУ жана ЖККУ   аркылуу интеграциялык өнүгүүгө жаңы көз караш;
  • баардык мамлекеттер менен теңдик, эки тарапка тең пайдалуу жана эл аралык укук нормаларын сактоого негизделген паритеттик жана партнердук (өнөктөштүк) мамилелерди өнүктүрүү;
  • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек араларын демаркациялоону аягына чыгаруу, визалык режимди жөнөкөйлөштүрүү, чет өлкөдөгү Кыргызстандын атуулдарынын кызыкчылыктарын коргоо.

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын тышкы саясаттагы негизги максаты өнөктөшүүгө ачык, демократиялык өнүккөн өлкө катары дүйнөлүк коомчулукта мамлекетибизге татыктуу орун камсыз кылуу болуп эсептелет.

  1. Социалдык саясат жана маданият

Коомдун өнүгүүсүнүн негизи болуп анын бардык мүчөлөрүнө бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылган адилеттүү социалдык саясат эсептелет. «Бүтүн Кыргызстан» партиясы социалдык саясаттын ишке ашырылуусун сапаттуу билим алуу, улуттун ден-соолугу, жашоо шарттарындагы проблемалар жана социалдык инфраструктуранын абалы сыяктуу базалык социалдык көйгөйлөрдүн чечилүүсүндө көрөт.

Социалдык саясат маселелерине дагы төмөнкүлөр кирет:

  • көп деңгээлдүү социалдык камсыздоо системасын өнүктүрүү: базалык социалдык төлөмдөрдү жогорулатуу, элдин социалдык камсыздандырууга камтылуусун кеңейтүү, социалдык жардамга муктаж катмарларга социалдык жардам берүүнүн негиздерин жакшыртуу, мүмкүнчүлүгү чектелген атуулдардын социалдык көйгөйлөрүн чечүүнүн жаңы формаларын иштеп чыгуу жана турмушка ашыруу;
  • социалдык кызмат көрсөтүү системасын өнүктүрүү: социалдык чөйрөдөгү мекемелердин тармагын көбөйтүү, алардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана модернизациялоо, атайын социалдык кызматтардын стандарттарын киргизүү жана алардын сапатын жогорулатуу;
  • пенсиялык чогултуу системасын өнүктүрүү, базалык пенсиялык төлөмдү жогорулатуу, пенсияларды жана жөлөк пулдарды эң төмөнкү тиричилик каражаты (прожиточный минимум) менен теңдештирүү, эң төмөнкү тиричилик каражатынын баасын төмөндөтүү;
  • өндүрүштүк эмгек менен камсыз кылуу багыттарын колдогон комплекстүү чараларды ишке ашыруу;
  • бизнести жана ишкерлерди колдоо, массалык орто классты калыптандыруу;
  • эмгек акынын жогорулашы, өзгөчө социалдык чөйрөдөгү атуулдардын талаптарына жооп берген билим берүү, саламаттыкты сактоо жана башка социалдык тармактардагы ишке ак ниет мамиле жасагандарды сыйлоо катарында;
  • мектептеги жана мектепке чейинки билим берүүдө бюджеттик каржылоону көбөйтүү, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, окуу жайларында мүмкүнчүлүгү чектелген атуулдарга ыңгайлуу шарттарды түзүү, жаш мугалимдерге шарттарды түзүү. Биз айыл жерлеринде жаңы мектептерди жана бала бакчаларын куруубуз керек;
  • энеликти жана балалыкты колдоо: көп балалуу үй-бүлөлөргө жагымдуу шарттарды түзүү, толук эмес жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын, майып балдарды, балдар үйүндөгү тарбиялануучуларды колдоо механизмдерин өнүктүрүү.

Коомдун социалдык турмушу инсандын маданиятынын өнүгүү деңгээли менен түздөн-түз байланышта. Коомдун моралдык-нравалык ден-соолугун материалдык гана эмес, эл жашаган жердеги маданий чөйрө да аныктайт. Саясий маданияттын жоктугу – бийликти бир колго топтоо жана Кыргызстандагы үй-бүлөлүк-кландык режимдин тузүлүшү, абдан чоң масштабтагы коррупция, коомдук күчтөрдүн өз маселелерин укуктук талаада чечүүнү билбөөсү, мародерлук жана талап-тоноолор – ушунун баары маданияттын төмөндөөсүнүн жыйынтыгы болуп калды. Маданият объектилерин менчиктештирүү,өзгөчө айыл жерлериндеги, республикада маданий мейкиндиктин жоголуусуна алып келди. Дүйнөлүк маданий мурастардын баалуулуктары менен таанышпаган, дүйнөлүк адабияттын классиктеринин чыгармаларын окубаган, коомдо өзүн маданияттуу алып жүрүүнүн эрежелерин билбеген элдин мууну өсүп чыкты.

Ошондуктан «Бүтүн Кыргызстан» партиясы социалдык группалардын жана атуулдардын арасындагы цивилизациялуу байланыштын негизи катары кыргыз коомун маданияттын башатына кайтарууну көздөйт. Коомду жалпы өнүгүүгө жылдырууга азыркы цивилизациянын баардык баалуулуктарын жана жетишкендиктерин өзүнө сиңирген маданияттуу гана адам жөндөмдүү.

Мамлекеттин маданий өнүгүү чөйрөсүндө төмөнкү багыттар приоритеттүү болуусу керек:

  • экономикадагы, илимдеги жана искусстводогу адам турмушунун ар түрдүү чөйрөлөрүн интеграциялаган азыркы маданияттын өнүгүүсүүчүн шарттарды түзүү;
  • салттуу коомдук баалуулуктарды сактоо жана чыңдоо, калкыбыздын кылым карыткан касиэттүү каада-салттарын, ошондой эле токтоолук, эмгекти сүйүү, социалдык жоопкерчилик, кесиптик деңгээлин жогорулатууга умтулуу жана адеп-ахлак жактарын жакшыртуу сыяктуу баалуулуктарды жайылтуу;
  • нормативдик-укуктук базаны чыңдоо жана маданиятты өнүктүрүүнүн институттук формаларын колдоо аркылуу азыркы коомдо маданияттын интеграциялоочу статусун чыңдоо;
  • маданиятты өнүктүрүүдөгү мамлекеттин, коомдун жана бизнестин стратегиялык шериктештигинин системасын калыптандыруу;
  • мамлекеттин маданий мурастарын натыйжалуу пайдалануу жана сактоо: маданий эстеликтерди коргоо жана элди аларга тартуу, клубдарды, китепканаларды жана башка маданият очокторун, өзгөчө айыл жергесинде калыбына келтирүүүчүн Улуттук маданий фондду түзүү;
  • маданият чөйрөсүндө кадрдык системаны жүргүзүү: чыгармачылык адистиктеги кесиптик билим берүүнүн системасын өнүктүрүү, салттарды сактоо, таланттуу жаштарды табуу жана колдоо процесстерин жакшыртуу, маданият кызматкерлеринин эмгек акыларын жана социалдык статусун жогорулатуу;
  • мамлекеттин чет өлкөлөрдөгү маданий имиджин калыптандыруу, дүйнөлүк маданий мейкиндикке интеграциялоо жана кыргыз маданиятын эл аралык деңгээлге чыгаруу;
  • сөз эркиндигине, малыматты алуу жана таратууга болгон мамлекеттин баардык атуулдарынын укуктарын жактоо.
  1. Илим, билим берүү жана саламаттыкты сактоо

Коомдун экономикалык өнүгүүсү биринчи кезекте илим абдан жогорку деңгээлде өнуккөн, анын негизинде жаңы технологияларды иштеп чыгып жана аларды өз убагында реалдуу экономикага киргизген, ошондой эле илимдин жана өндүрүштүн интеграцияланган шартында жетишилет. Инновациялык экономиканын калыптануусуна зарыл шарт болуп мамлекеттин илим потенциалын жогорулатуу, улуттук инновациялык системанын базалык компоненти катары фундаменталдык илим изилдөөлөргө мамлекеттик колдоону көбөйтүү, жаңы илимий борборлорду жана илим менен экономиканын өз ара аракеттешүүсүнүннатыйжалуу  системасын түзүү эсептелет. Түзүлө турган улуттук инновациялык система мамлекеттин ийгиликтүүөнүгүүсүнүн маанилүү фактору болуп калат. Илим жетишкендиктерин жана инновациялык ишкердикти өнүктүрүү экономиканы модернизациялоого жана анын мындан ары активдүүөсүшүнө жардам берет.

Билим берүү тармагында өтө курч кырдаал түзүлдү, ал келечекте өлкөнүн коомдук коопсуздугуна олуттуу коркунуч келтирет.

Жыл өткөн сайын Кыргызстанда мектептерде билим берүү системасынын кедери кетип, окутуунун деңгээли жана сапаты төмөндөп, тарбия берүү иштери өзү бүтөттүккө ташталган. Ал барган сайын жабык болуп баратат, мектеп администрациясы тарабынан чогултулган акчалай каражаттар кайда жумшалгандыгы жөнүндө ата-энелердин  кабары жок.

Мамлекеттик мектептер азыр лицейлерге жана гимназияларга айланып, ал жерде окутуу көп учурда акы төлөө менен жургүзүлүп, башкача айтканда, акысыз билим берүүнүн жеткиликтүүлүк принциби бузулуп жатат. Билим берүү мекемелеринде коррупцияны жоюу максатында билим берүү мекемелеринин жетекчиси жөнүндө жобону иштеп чыгуу зарыл, анда аттестациялоо талаптары, кызмат ордуна дайындоо жана бошотуу жол-жоболору, ошондой эле ротациялоо шарттары каралат.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясы өлкөнүн жашы жетелек жарандарынын арасында кылмыштуулуктун өсүп жатканына өтө тынчсызданат. Ата-энелердин жана мектептин дирекцияларынын жашы жетелектер арасында «мектеп рэкети» сыяктуу терс көрүнүштөргө алы келбей жатат. Эгерде  жаш жарандар арасында кылмыштуулуктун тамырын кыркуу боюнча натыйжалуу жана ачык-айкын чаралар кабыл алынбаса, анда келечекте Кыргызстан элдин социалдык абалына таасир тийгизе турган олуттуу көйгөйгө кабылышы мүмкүн.

Ошондуктан мектептерде биздин партия өсүп келаткан жаш муундарды мыйзамды сактоонун духунда тарбиялоо максатында идеологиялык ишти кеңейтүү жана тереңдетүү багытында иш жүргүзөт.

Жогорку билимберүү чөйрөсүндө да олуттуу маселелер топтолуп кеткен. Бул көрүнүш келечекте улуттун атаандашуу жөндөмдүүлүгүнө терс таасирин тийгизет. Эл аралык эксперттердин баасы боюнча Кыргыз Республикасында  билим берүүнүн сапаты болуп көрбөгөндөй төмөнкү деңгээлге түшүп кеткен.

Ушуга байланыштуу «Бүтүн Кыргызстан» партиясы колдо бар окуу жайларынын базасында билим берүүнүн сапатын жана адистерди даярдоонун деңгээлин жогорулатуу үчүн «Улуттук» деген статус берүү менен 7 университет түзүүнү сунуш кылат, ал жерде Кыргызстандын өнүгүшү үчүн зарыл болгон адистер мамлекеттин эсебинен даярдалмакчы. Бүтүрүүчүлөр мамлекет жөнөткөн жерде 3 жыл иштеп берүүгө милдеттүү болушат. Мындай практика элибиздин ынтымагын жана мамлекеттин бүтүндүгүн чыңдоого өбөлгө түзөт.

Биздин республикага европалык деңгээлде жабдылган жана уюштурулган заманбап саламаттыкты сактоо системасы керек. Медицина кызматкерлеринин татыктуу жашоо деңгээлин, ал эми медицина мекемелерин – зарыл техника менен камсыз кылуу үчүн саламаттыкты сактоо системасын каржылоо бюджеттен гана эмес, ошондой эле жекече да жүргүзүлүшү, бирок ошол эле ар бир жаран үчүн медициналык сапаттуу тейлөө кепилдиги сакталууга тийиш.

Бүткүл өлкө  боюнча зарыл сандагы жаңы поликлиникаларды, адистештирилген ооруканаларды,  төрөт үйлөрүн калыбына келтирип жана кошумча куруп, аларды европа стандарты боюнча жабдып, тийиштүү кызматкерлер менен камсыз кылуу керек. Ошондой эле муктаж болгондордун баардыгына, алардын материалдык абалына карабастан, дары-дармек каражаттарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу зарыл.

  1. Жаштар – кыймылдаткыч күч

Партия өлкөнүн келечеги үчүн коомдун бардык социалдык топторунун жоопкерчилигин жогорулатууну өтө маанилүү деп эсептейт. Бул жерде биздин жаштарыбыздын ролуна баа бербей коюуга болбойт, алар прогрессивдүү жаңылыктарды коомдун турмушунда илгирилетүүлөрү керек. Булүчүн алар ишмердиктин баардык чөйлөрүндө адамзат цивилизациясынын азыркы кездеги бардык жетишкендиктерин олуттуу үйрөнүпжана аларды Мекенибиздин жыргалчылыгы үчүн пайдалануулары керек. Жаштар келечекте кыргыз коомчулугунун абалы жана өнүгүшү үчүн жоопкерчилик учугун улап кетүүгө даяр болуусу керек. Улуу муундун жана мамлекеттин милдети бул үчүн шарттарды түзүүдө турат.

Башкаруу кадрларын алмаштыруу жаштардын башкаруу жөндөмдүүлүктөргө ээ болушуна жараша табигый жол менен жүрүүгө тийиш. Андай болбосо, тажрыйбасыз кадрлар өлкөнү башкарууну кескин начарлатат, бул инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугуна олуттуу коркунуч жаратып жана дүйнөнүн башка өлкөлөрү менен өз ара мамиледе атаандашууга   жөндөмдүүлүгүн төмөндөтөт.

Буга чейин мамлекетибизде жаштарга арналган ар түрдүү программаларды кабыл алып келишти. Ал программалар аябай кооз сөздөр менен, ынанымдуу фактылар аркылуу жазылганы менен, бирок ошол боюнча ошондогу кагазда кала берген.

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы жаштар саясатынын жаңы концепциясын сунуш кылат. Ал концепция реалдуу ишке ашырылат, анткени аны чечүүнүн жолдору, механизмдери жана каражат булактары так аныкталып көрсөтүлөт. Ал жаштар саясатынын  чыныгы концепциясы болууга тийиш. Аталган концепция билим берүү, жаштарды социалдык жактан камсыздоо, жаш кадрларды мамлекеттик башкаруу системасына тартуу маселелерин өзүнө камтыйт.

  1. Элдин бүтүндүгү – ийгиликтүү өнүгүүнүн негизи

Элдин  бүтүндүгүнүн жана улуттар аралык ынтымактын негизги шарты — Кыргызстанда жашаган баардык улуттагы атуулдардын кыргыз элинин айланасына биригиши  жана баардык аракеттер мамлекеттин көз карандысыздыгын сактоого,  туруктуулукка жана коомдогу ынтымакка багытталуусу зарыл.

Улуттар аралык ынтымактын жана улуттун бүтүндүгүнүн приоритеттүү багыттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:

  • бүтүндүүлүктү жана ички саясый туруктуулукту сактоонун чечүүчү факторлорун камсыз кылуу: коомчулукту тартуу менен элдин реалдуу керектөөлөрүн чечүүгө негизделген натыйжалуу социалдык саясат; коомдун реалдуу маселелерин ачыктык жана диалог аркылуу чечүү; патриоттуулук жана толеранттуулук сыяктуу баалуулуктардын базасында жалпы атуулдук укуктук маданиятты жогорулатуу;
  • мамлекетте улуттар аралык карым-катнаштын системасын өнүктүрүү: укуктук-нормативдик базаны чыңдоо; улуттар аралык мамилелерди жөнгө салуучу мамлекеттик жана коомдук институттардын натыйжалуулугун жогорулатуу; этномаданий бирикмелерди өнүктүрүү жана колдоо; билим берүү  жана маалыматтык долбоорлорду өкмөттүк эмес уюмдар жана мамлекеттик органдар тарабынан ишке ашыруу; улуттар аралык ынтымактын жана улуттун бүтүндүгүн чыңдоого багытталган маалыматтык иштердин сапатын көтөрүү жана күчөтүү;
  • мамлекеттеги конфессиялар аралык диалог жана өнөктөштүктү жакшыртуу үчүн шарттарды түзүү. Биздин партия ислам, христианство жана буддизмге салттуу конфессиялар катары урматтоо менен мамиле кылат.

Коомдогу туруктуулукту, ынтымакты сактоо жана чыңдоо атуулдардын  социалдык статусуна, саясый көз карашына, кайсы  динде  экендигине карабастан бузулбас принцип болуп калыш керек.

Кыргызстан элинин бүтүндүгү мамлекеттин өнүгүүсү үчүн чечүүчү фактор болуп эсептелет.

  1. Демографиялык түзүлүш жана аймактардын өнүгүүсү

Кырдаалды талдоо көрсөтүп тургандай, соңку жылдары республикада демография чөйрөсүндө – калктын саны, билими, төрөлүшү, жашоонун узактыгы жана калктын миграциясы  жагында олуттуу өзгөрүүлөр болуп өттү.

Калктын өсүшүнүн басаңдашы жана миграциялык агымдын  күчөшү жакынкы келечекте республиканын экономикалык абалына, ошондой эле коопсуздугуна олуттуу коркунуч келтире турган факторлор болуп саналат.

1990-жылдардын башынан тартып республикада миграциялык терс баланс пайда болгон. Миграттардын дээрлик 80 пайызын эмгекке жарамдуулар түзөт. Өлкө демографиялык кырдаалды оңдоого гана эмес, ошондой эле калктын туруктуу өсүшүнө да шарт түзүүгө муктаж.

Геосаясат жагында маанилүү региондордо калктын санын сактап калууга багытталган жигердүү региондук экономикалык саясатты жүргүзүү эң маанилүү милдет болуп саналат. Чек ара аймактары жөнүндө мыйзам кабыл алуу керек,өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн сактоодо аларга өзгөчө статус берүүзарыл.

Демография жагында маселени кылдат иликтөө жана республикада орун алган демографиялык маселелерди жоюу боюнча сунуш киргизүү зарыл.

Рынок экономикасын өнүктүрүү менен бирге «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы жергиликтүү эл, саясий партиялар, коомдук уюмдар тарабынан көзөмөлдү күчөтүү аркылуу жергиликтүүөзүн-өзү башкаруу органдарын ресурстук чыңдоону жактайт. Ошол эле мезгилде өзүн-өзү башкаруу органдары республикалык бюджеттен жана трансферттерден көз карандысыз туруктуу өздөрүнүн финансылык булактарына ээ болуусу керек. Өздөрүнүн каражаттары жетишсиз болгон учурда жергиликтүү бюджеттер республикалык деңгээлде бекитилген минималдык нормативдер аркылуу каржыланышы кажет.

Партия айыл-чарба продукцияларын өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо болушун талап кылат. Айыл жерлеринде которуштуруп айдоого мүмкүнчүлүктөрү бар ирилештирилген дыйкан жана фермердик чарбалары, аларды ар түрдүү кызматтар менен тейлеген кооперациялар колдоого алынат.

Мамлекеттер аралык келишимдердин негизинде айыл-чарба продукцияларына жана алардан алынган товарларга алдын ала сатып алуу бааларын белгилөө менен мамлекеттик заказдар жайгаштырылуусу керек. Ушундай мүмкүнчүлүктөр дыйкандарга өз товарларын ортомчуларсыз жана жогору баада сатууга шарт түзөт.

Партиянын программасын ишке ашыруу «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын жетекчилигинин жана ар бир мүчөсүнүн бүгүнкү жана келечектеги негизги максаты.

Бул максатка жетүүүчүн Кыргызстанда баардык керектүү нерселер бар жана жетиштүү. Жер, таза суу жана башка жаратылыш ресурстары, эң негизгиси эркиндикти сүйгөн Кыргызстандын эли бар. Баардык тармактардын жана экономикалык ишкердик чөйрөлөрүнүн жогорку деңгээлдеги адистери, таланттуу искусство ишмерлери бар. Кыргызстандагы кыргыз жанабашкаулуттагы элдердин мекенибиздин бактылуу келечеги үчүн ак ниет эмгектене турган каалоосу жана жөндөмдүүлүгү бар.

Ушул жалпы улуттук потенциалды дүйнөлүк тажрыйба менен айкалыштырып билгиликтүү  пайдалануу саясый, экономикалык, коомдук турмуштагы жаңы сапаттуу деңгээлге көтөрүлүүнүн эң маанилүү шарты болуп эсептелет.

Алдыбызда Кыргызстандын гүлдөп өнүгүшү үчүн бизди чоң жана жооптуу, ийгиликтүү иштер турат. Кыргызстан эли өз өлкөсү менен сыймыктанып, күчтүү, эркин жана бүтүн Кыргызстанда жашагысы келет.

Баарыбыз бакубат жашоо үчүн!

Бүтүн Кыргызстан үчүн!

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!