Тездик менен жайылып бара жаткан Covid-19 көптөгөн мамлекеттерди “чөгөлөтүп”, мунусу менен мамлекеттик машинанын бекемдигин жана калктын ага болгон ишенимин баалап, текшерүүдөн өткөрүп жатат. Дал ушундай кырдаалда мамлекеттик аппарат жана калк карама-каршылыкта болбой, бири-бирине жардам бериши зарыл. “Таажы кийген вирус” менен күрөшүү жакында эле жарандык коомдун арасында күңгөй-тескейи талкууланып жаткан коммерциялык эмес уюмдардын финансылык ишмердүүлүгүн ачыктоону караган мыйзам долбоорун, “бажы магнатынын” байлыгын жана экс-президенттин жана анын командасындагы адамдардын коомду дүрбөткөн соттук иштерин кароону артка жылдырды.
Мамлекеттик аппараттын приоритеттери алмашты, өкмөт вирустун мындан ары таралып кетүүсүнө жол бербөө үчүн “күнү-түнү” иштеп, ал эми парламент жана Коопсуздук кеңеши аларга бардык жактан колдоо көрсөтүүдө. Өкмөт дайыма “муш жеп келген баладан” акырындык менен “суперменге” айланып бара жатат. Ошентип, Сузак жана Ноокат райондорунун акимдери тарабынан аталган райондордо алгачкы дартка чалдыккандар пайда болгондо өзгөчө кырдаалды киргизүүсү, өз убагында көрүлгөн чара болду. Бул чаранын кечигип калганын да айтууга болот, себеби вируска чалдыккандар ага чейин эле жүздөгөн адамдар менен байланышууга үлгүрүшкөн. Казакстанда жана Өзбекстанда алгачкы ооругандар пайда болгон учурда Премьер-министр басма сөз жыйынында “курчоо улам кысып келе жатат” дегенден кийин, вирустун сырттан гана кирүүсү белгилүү болгон соң, мисалы Кыргызстанга кирген бардык адамдардан анализ алып аларды карантинге киргизүү, чет элдик жарандардын тышка чыгуусуна тыюу салуу сыяктуу шашылыш иштерди аткаруусу зарыл эле. Өлкөгө кирип жаткан адамдардын коркунучтун деңгээли кандай экендигин түшүнүүсү, алардын коомчулуктун жана башкалардын алдындагы жарандык жоопкерчилиги башка маселе, анткени көптөгөн адамдар обсервациядан качып, өздөрүнүн адегенде дарт чыккан өлкөлөрдө болгонун жашыруу үчүн, “үчүнчү” өлкөлөр аркылуу кирип жатышты. Бул жерде тескери механизм иштеди: өкмөт жана адамдар бири-бирине жардам беришкен жок, бул бардыгына терс таасир тийгизди. Мындан тышкары коомчулук Өкмөттүн, Коопсуздук кеңешинин жана Жогорку Кеңештин бет кап кийбеген жыйындарын күндө көрүп жатышса, жарандардан кантип “ак ниет” болууну талап кылууга болот?
Өкмөт өзгөчө кырдаалды киргизүүнү, ал эми БШК жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду жылдырууну каалабаганы шексиз, анткени бул чаралар Коопсуздук кеңешинин чечиминен кийин гана ишке ашырылды. Буларды карап туруп Президент сөөмөй кесегенден кийин гана өзгөчө кырдаал киргизилип, шайлоолорду өткөрүү жылдырылгандай таасир калды.
А Жогорку Кенешчи? Эмне үчүн кыргызстандыктар өзгөчө кырдаалдын эрежелерин дароо түшүнүшкөн жок? Анткени “Жарандык коргонуу жөнүндөгү” мыйзамда Өзгөчө Кырдаалды коштогон чектөөлөр жөнүндө так, даана түшүндүрмөсү жок кичинекей гана аныктама берилген. Мындай абалда бардык шектенүүлөрдү же билбестиктерди, кемчиликтерди адамдар өз кызыкчылыгы үчүн гана пайдаланаары белгилүү. Ошондуктан эл массалык түрдө дүкөндөргө, базарларга барышып, тойлорду, ар кайсы жактарга эс алууларды өткөрүүнү улантып жатышты. Эл үйдө гана отуруу керектигин, өтө зарыл учурда гана азык-түлүк же дары-дармек алуу үчүн гана чыгуу керектигин түшүнбөдү. Кырдаал ушундай болуп вирустун географиясы кеңейип, ал Баткен менен Бишкекти камтыган соң, дароо өзгөчө абалды киргизүү зарыл эле. Ошондуктан так жазылбаган нерсени колдонууга болбойт. Албетте, мыйзамдагы кемчиликтер аны пайдалануу учурунда билинет, бирок азыр бул Кыргызстанга абдан “кымбатка” түшкөнү калды. Андан көрө буга чейин көндүм болуп Кыргызстанда иш жүзүндө бир нече жолу колдонулган, иш-аракеттердин так алгоритми бар өзгөчө абалды киргизүү зарыл болчу. Бирок кайдан, өзгөчө кырдаал боюнча жоболордо кемчиликтер болгону аз келгенсип, парламент жылдагыдай көнгөн адаты боюнча округдарда “вирус боюнча кырдаалды түшүндүрүү” иштерин жүргүзөөрүн жарыялады. Кайда, кайсы жерде, кимге? Эгер республиканын жарымы өзгөчө кырдаал абалында болсо, элдин массалык түрдө чогулуусуна тыюу салынса, адамдар азык-түлүк маселелерине кабатыр болуп ошону менен алышып жатса… Парламенттин бул эмне деген туура эмес стратегиясы?
Ошентип, 25-марттан тарта КР Президентинин жарлыгы менен республиканын айрым райондорунда өзгөчө абал, 20.00дөн 07.00гө чейинки коменданттык саат менен кошо киргизилди. Конституциянын 64-статьясы боюнча КР Президенти өлкөнүн башкы командачысы катары, айрым жерлерге алдын-ала жарыялоону Жогорку Кеңешке дароо кабарлабай туруп, өз жарлыгы менен өзгөчө абал киргизе алат. Жогорку Кеңеш өз кезегинде үч күндүн аралыгында КР Президентинин жарлыгын бекитип же жокко чыгарышы керек.
Мына биз эми нормативдик казуска келдик. Эгер “КРдин нормативдик актылары жөнүндө” мыйзамдын 6-статьясындагы нормативдик актылардын иерархиясын карасак, анда КР Президентинин жарлыгы токтомго караганда жогору турат, башкача айтканда Жогорку Кеңештин токтомуна караганда жарлыктын юридикалык күчү жогору турса, анда бул жарлыкты кандай токтом жокко чыгара алат?
Демек, парламент жарлыкты мыйзам менен гана бекитип же жокко чыгарышы керек, же болбосо укуктук-нормативдик актылардын иерархиясында мамлекет башчысынын актыларын парламент актыларынан төмөн коюу зарылдыгы пайда болду. “Өзгөчө абалдар жөнүндөгү” мыйзамдын өзүндө Жогорку Кеңештин квалификациялуу көпчүлүгү катышкан, так айтканда катышып жаткан депутаттардын 50 добуштан кем эмес макулдугу менен жарлыкты бекитүү же жокко чыгаруу аркылуу Жогорку Кеңештин токтомунун кабыл алынуусу каралган. Мындан башка парламент коллективдүү орган катары мамлекет башчысынын айрым райондорго өзгөчө абал киргизүү тууралуу чечимин бекитип же жокко чыгаруудан тышкары, өзгөчө абал учурунда кирген чаралардын санын же алардын өлчөмүн өзгөртүүгө укугу бар.
Ушул эле мыйзам аркылуу өкмөткө жана башка аткаруу органдарына парламенттин жыйындарды өткөрүүсүнө ар тараптан көмөк көрсөтүүсү каралган. Бирок парламент өзү бул жуманы “шайлоочулар менен иштөө” катары жарыялап жатса, мындайда өкмөт эмне кыла алат? Мындайда эки гана жол бар: биринчиси, шайлоочулар менен иш алып баруу жөнүндөгү биринчи токтомду жокко чыгаруу, же болбосо Президенттин же ЖК төрагасынын сунушу менен кезексиз жыйын өткөрүү керек.
Булардан башка шайлоо процесси боюнча оңдоолорду кароо маселесинде парламент мурда болуп көрбөгөн жагдайга дуушар болду. Шайлоо босогосун өзгөрүү жөнүндөгү талаштарды кароону кийинки мезгилге жылдыруу зарыл, анткени Конституциянын 80-статьясына ылайык 15-апрелге чейин киргизилген өзгөчө абал учурунда парламент шайлоолор боюнча да, чек аралар боюнча конституциялык мыйзамдарды кабыл ала албайт. Ушулардан улам, мындай корутундуларды чыгарабыз:
-“Жарандык коргонуу жөнүндөгү” КР мыйзамына Өзгөчө Кырдаалдын чектерин, анын Өзгөчө Абалдан айырмачылыгын, аткаруу органдарынын чектен тышкары чыга турган болжолдуу аракеттеринин алгоритмин майда-чүйдөсүнө чейин жазып чыгуу зарыл;
— КРдин “Нормативдик-укуктук актылар жөнүндөгү” жана “Өзгөчө абал жөнүндөгү” мыйзамдарына оңдоолорду Президенттин өзгөчө абал тууралуу жарлыктарын бекитүү же жокко чыгаруу боюнча бир убакта үч окуудан кийин кабыл алынган мыйзамы менен киргизүү;
— Кыргызстандын калкынын саламаттыгын сактоо максатында КР Конституциясына жана ЖК регламентине пандемия же дагы башка биологиялык жагымсыз кырдаалдарда өлкөдө жана аймактарда шайлоочулар менен иштөөнү жүргүзүүгө тыюу салуу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл.
Парламентаризм боюнча адис Жаннат Ковальчук
Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!
Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!