13_Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын статусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын статусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин имаратында болуп өткөн акыркы окуяларга байланыштуу, тактап айтканда, 2022-жылдын 2-июнунда Жогорку Кеңештин жыйынындагы “өкмөттүк саатта” Министрлер кабинетинин мүчөсү жана Жогорку Кеңештин депутаты ортосунда чыр чыккан.
Оозеки жаңжалдын күбөлөрү Жогорку Кеңеште отургандар эле эмес, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү да болгон. Оозеки чыр-чатактын жүрүшүндө мамлекеттик кызматкер тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты коркутуп-үркүтүүгө жана кемсинтүүлөргө дуушар болгон.
Буга байланыштуу, мамлекеттик кызматкер өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда биринчи кезекте этикалык принциптерди карманууга тийиш, тактап айтканда, чынчыл, калыс жана жүрүм-турумунда токтоо болушу шарт.
Мамлекеттик кызматкерлердин жүрүм-турум маданияты Президент тарабынан бекитилүүчү 2016-жылдын 19-августундагы N 43 КРнын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин этика кодекси менен аныкталат.
Ошону менен бирге КРнын Конституциясында Жогорку Кеңеш –КРнын Парламенти мыйзам чыгаруу бийлиги жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде контролдоо функцияларын жүзөгө ашыруучу жогорку өкүлчүлүк орган болуп санала тургандыгы белгиленген.
Ошондой эле, КРнын Конституциясынын 78-беренесинде Жогорку Кеңештин депутаты, депутаттык ишмердүүлүгүнө байланыштуу айткан пикири же Жогорку Кеңеште добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча куугунтукка алынышы мүмкүн эместиги белгиленген. Депутатты кылмыш жоопкерчилигине тартууга Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен гана жол берилет.
Бүгүнкү күндө КРнын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу тууралуу мыйзам бар, ага ылайык депутаттын иштөө принциптери, ошондой эле алардын негизги укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери каралган.
Жогорку Кеңештин депутатынын кызматы КРнын мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку саясий мамлекеттик кызматы болуп саналат. Депутат өз ишмердүүлүгүндө мыйзам чыгаруу бийлигинин өкүлү катары тартип бузууну токтотууну талап кылууга, ал эми зарыл болгон учурда тиешелүү органдарга жана кызмат адамдарына (иштердин маңызы боюнча сотторду кошпогондо) кайрылууга укуктуу.
Өз кезегинде депутаттык кайрылуу жолдонгон мамлекеттик органдардын кызмат адамдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлери тартип бузууларды жоюу боюнча токтоосуз чараларды көрүүгө зарыл, Ошондой эле кызмат талабы аткарылбаса четтетүү боюнча чаралар көрүлбөгөн учурда кызмат адамдары мыйзамда белгиленген жоопкерчилике тартышат.
Белгилей кетсек, “КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын статусу жөнүндө” КРнын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык Жогорку Кеңештин депутаты элдин жана мамлекет мамлекеттин коргоосуна алынган. Мандаттын мөөнөтүнүн аягына чейин өз ишмердүүлугүн уланта берет.
Жогорку Кеңештин депутатын мазактоо, ошого тете депутатты каралоо же анын депутаттык иши жөнүндө бурмаланган түрдү маалыматтарды таратуу, ошондой эле ага каршы багытталган ар кандай агрессивдүү аракеттер КРнын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылат.
Эскерте кетсек, 2021-жылы депутат Иса Өмүркулов Конституцияга инсандын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды тараткандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги жөнүндө жобону бекитүүнү сунуштаган. Бүгүнкү күнгө чейин Конституцияда мындай жобо жок.
Бирок ар-намысты, кадыр-баркты жана ишкердик беделди коргоо КРнын Граждандык кодексинин 18-беренесинде бекитилген, мында жаран өзүнүн ар-намысына, кадыр-баркына же ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды жокко чыгарууну сотто талап кылууга укуктуу.
Кызыкдар адамдардын өтүнүчү боюнча жарандын ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкердик беделин ал өлгөндөн кийин да коргоого жол берилет.
Ошондой эле, эгерде жарандын ар-намысына, кадыр-баркына же ишкердик беделине шек келтирген маалыматтар, андан тышкары юридикалык жактын ишкердик беделине шек келтирген маалыматтар жалпыга маалымдоо каражаттарында таралса, алар ошол эле жалпыга маалымдоо каражаттарында төгүндөлүүгө тийиш.
Жогоруда айтылгандардын негизинде, ошондой эле КРнын ички мыйзамдарын жана Мамлекеттик кызмат адамдарынын жүрүм-турумунун эл аралык кодексинин – Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 1996-жылдын 12-декабрындагы 51/59 резолюциясынын принциптерин жетекчиликке алуу менен биз адамдын кадыр-баркы, ар-намысы жана ишкердик бедели ар бир адамдын жеке мүлктүк эмес укугу болуп саналат жана мамлекет демократиялык укуктарды камсыз кылууга жана кызмат адамдарынын өзүм билемдик аракеттеринен коргоого милдеттүү.
Демократиялык мамлекетте ар бир жаран, анын ичинде депутат дагы саясий күчкө ээ болгондордон өз укугун коргой алат деп эсептейбиз.Жогоруда айтылгандардын негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ички мыйзамдарын жана Мамлекеттик кызмат адамдарынын жүрүм-турумунун эл аралык кодексинин – Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 1996-жылдын 12-декабрындагы 51/59 резолюциясынын принциптерин жетекчиликке алуу менен биз адамдын кадыр-баркы, ар-намысы жана ишкердик бедели ар бир адамдын жеке мүлктүк эмес укугу болуп саналат жана мамлекет демократиялык укуктарды камсыз кылууга жана кызмат адамдарынын өзүм билемдик аракеттеринен коргоого милдеттүү.
Демократиялык мамлекетте ар бир жаран, анын ичинде депутат дагы саясий күчкө ээ болгондордон өз укугун коргой алат деген ишеним бар
Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!
Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!