Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева жер көчкү жүрүү коркунучу бар аймактар тууралуу парламенттин жыйынында эскертти.
“Жаз келип эки күндүн биринде жаан-чачын жаай баштады. Бул учурда жер көчкү жүрүү коркунучу бар аймактарда кооптуу абал түзүлүп жатат. Эсиңиздерге сала кетсем, 2017-жылы Өзгөн районунун Аю-Сай айылында дал ушул күндөрү жер көчкүнүн айынан 24 киши каза болгон эле. Бул көйгөй азыр да актуалдуу. Мындай алаамат болбосун. Бирок биз бат унутуп жатабыз. Өткөн күндөн сабак алып алдын алуу иштерин жүргүзбөй жатабыз.
Мына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында азыр Кыргызстанда 4 732 үй-бүлө өзгөчө кооптуу аймакта жашайт. Алардын ичинен эки миңден ашуун үй-бүлө башка жактарга көчүү үчүн мамлекеттен ссуда алышкан. Бирок, дагы деле кооптуу аймактарда күн кечиришүүдө.
Ар бир адамдын өмүрү биз үчүн кымбат. Ар бир жаран биз үчүн баа жеткис байлык. Алардын коопсуздугун камсыздоо өкмөттүн милдети. Мага андай жер көчкү жүрүү коркунучу бар же сел каптоо коркунучунда коркуп жашап жаткан тургундары тынбай кайрылып жатышат. Бир эле Өзгөн районунун Зергер айыл өкмөтүн мисалга ала турган болсок, мамлекет жер бөлүп бергени менен турак-жайларын мүмкүнчүлүктөрү жок, каражат таппай жаткандыктан толук куруп бүтүрө албай, коркунучтуу аймактан көчүп чыга албай жатышат. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министр үйдөн чыккыла кайда барсаңар ошол жакка баргыла деп кууп жатканын айтышууда. Андан көрө Өзгөчө кырдаалдар министрлиги убактылуу чатырларды уюштурушса биз кооптуу күндөрү түнөп турат элек деп айтышууда. Зергерде жашагандар жаздын күнү жамгыр жааган түндөрү уктабай чыгышат. Ошондуктан өзгөчө кырдаалдар министрлиги, жергиликтүү бийлик кооптуу аймактардагы тургундар менен тыкыр иш алып барышы зарыл. Үй салып жаткандар үчүн жылдык үстөгү 6 пайыздан 300 миң сомдон берилип жатты эле, ал дагы токтоп турат. Мамлекет жетиштүү жардам бербей эле үйдөн чыккыла деп зордогон да туура эмес. Чечүүнүн жолдорун ойлонушубуз керек.
(Дагы бир маселе азыр Зергер айыл өкмөтүндө эки күндүн биринде электр энергиясы жок. Себеби 1960-жылы орнотулган жыгач мамычалар (столбалар) чирип, мөөнөтү бүтүп, же сел алып кетет, же шамал жыгытат, ошентип жергиликтүү тургундар жарыксыз калышууда. Бул маселени да мамлекеттик Энергохолдинг ишканасы жергиликтүү өкүлчүлүк аркылуу тез арада чечип берүүсүн элдин атынан өтүнөмүн.)
Жер көчкү жүрүү коркунучу бар аймактар боюнча маселени Премьер-министрге көзөмөлгө алышы керек. Жамандыктын бетин нары кылсын бирок сактанганды кудай сактайт. Кийин кеч болуп калганда бардыгыбыз жапатырмак аракет кылсак да, адам өмүрү орду толгус. Аны эч ким кайтара албай калат. Ошол мезгилде аттиң деп калбайлы”,-деп маалымат берди Касымалиева.