«Биз иштей албай калдык окшойт»: Депутат Сыдыгалиев парламентти таркатууну сунуштады

Бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нурбек Сыдыгалиев («Ишеним») эл өкүлдөрүн мандатын тапшырып, тарап кетүүгө чакырды.

<<Урматтуу депутаттар, бири-бирибизди сыйлабайлыбы. Эгер биз иштей албасак, анда ар бирибиз ушул жерден тарап кетеличи. Биз иштей албай калдык окшойт. Список чогулталы анда, кимибиз… мен биринчи коюп берейинчи анда ошол мандатын тапшырганга. Иштесек нормально иштейли, бири-бирибизди
түшүнүп. Иштебесек, анда тарайлы, кетели. Ушул жерде «Бүтүн Кыргызстан» отурат саботаж кылып. Бул эмне дегени? Сыйлайлы да бири-бирибизди. Анда компьютерлерин өчүрүп салалы. Ошону баарыбыз чечели, добушка коёлу. Копьютерлерин өчүрсө, өчүрүп салалы. Мыйзам чегинде иштейли. Бизди сыйлабайт да, бизди сыйлабаганы үчүн ушуга барып жатышат да>>, — деди ал

29-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар «Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу түрдө легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө» жана «КРнын айрым мыйзам актыларына мүлктү ыктыярдуу декларациялоо жана мунапыс берүү жаатындагы өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам
долбоорлоруна биринчи окууда добуш беришти.

Адахан Мадумаров менен Исхак Масалиев добуш бербей, добуш берүүнүн жүрүшүнө тоскоолдук кылышты. [Регламентке ылайык, депутаттар мыйзам долбооруна же макул, же каршы добуш бериши керек].

Депутат Исхак Масалиев эмне үчүг добуш бербегинин түшүндүрдү.
<<Бул мыйзам коррупционерлерди жоопкерчиликтен бошотот. Башкача айтканда,
кылмышкерлер да, коррупционерлер да мүлкүн мыйзамдаштырып, тынч жүрө
алышат», — деди ал.

Жалпы айтуулары: 46 дөн 1

2022 жылдын айтуулары: 1
   2022 кулжа: 1
Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!