Дастан Бекешев: Бир адамга дагы убакыт берели, бакиевчилердин бардыгын актап чыккыча

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев «Кумтөр голд компани» жана качкын президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы боюнча соттордун кабыл алган чечимине комментарий жазды.

«Кумтөр» боюнча соттун чечимин көпчүлүк жактырды, бирок башка иштер боюнча соттор чечимди мынчалык тез кабыл албаганына эч ким көңүл бурган жок. Бул чечимди сот кабыл алган жок. Курманбек Бакиевдин бир инисинин соттук чечими боюнча да ушундай эле көрүнүш», — деп Бекешев өзүнүн социалдык баракчасына жазды.

Мунун барына бир эле адам жооп берет. Ал өз кызмтына жаңыдан гана киришти. Келгиле, ага дагы убакыт бере туралы, бакиевчилердин бардыгын актап чыгаргыча.

«P.S. Бир сөзүн эстесеңер: «Эгер эл суранса, анда Бакиевдерге деле кайтып келүүгө уруксат берсе болот», — деп Бекешев кошумчалады. Бирок «бир адам» дегени ким экенин тактап жазган эмес».

 

Маалымат булагы: https://kaktus.kg/1594
Жалпы айтуулары: 46 дөн 2

2021 жылдын айтуулары: 2
   2021 чын куран: 1
   2021 бугу: 1
Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!