Дастан Бекешев: Элдин чөнтөгү бош экенин Садыр Жапаровго жеткирип койгулачы

Дастан Бекешев биринчи-вице-премьер-министр Артем Новиковго кайрылып, элдин чөнтөгү бош экенин Садыр Жапаровго жеткирип койгулачы, деп кайрылды. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-апрелде, Жогорку кеңеште бааларды ооздуктоо боюнча өткөн жыйында билдирди.

Депутат өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал негативдүү экенин белгиледи.

«Мен өкмөт эмнени жасагысы келип жатканын уктум. Бирок бааларды кайра артка кайтара албайбыз. Айлык көтөрүлгөн жок, пенсия дагы. Башкача айтканда элдин кирешеси мурунку бойдон. Мындай кырдаалда өкмөт эмне иштерди жасап жатат? Электр энергиясына бааны көтөрөбүз деди, жол кирени көтөрөбүз деди, уу коргошунду ичип жатат. Элдин киреше булагы жогорулашы үчүн өкмөт эмне кылып жатат? Бааларды ооздуктоо бул жарым-жартылай чара», — деди депутат.

Бекешевдин айтымында, өкмөт бул маселелерди чече албайт.

«Бизде эми бардыгын президент чечет да. Элдин чөнтөгү бош экенин президентке айтып койгулачы», — деди ал.

Маалымат булагы: https://kaktus.kg/1449
Жалпы айтуулары: 46 дөн 2

2021 жылдын айтуулары: 2
   2021 чын куран: 1
   2021 бугу: 1
Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!