Депутат Эльдар Сулайманов унаа терезесин караңгылатуу акысын өзгөртүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Эльдар Сулайманов автоунаанын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатуу акысын төмөндөтүүнү сунуштады.
Ал учурда коюлган 80 миң сомдук нарк адилетсиздик жана теңсиздик деп эсептейт. Мындан улам депутат автоунаанын көлөмүнө жараша акы алуу керектигин айтып, президенттин жана министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлүнө кайрылды.
«Кыймылдаткычынын көлөмү экиге чейин болсо 20 миң сом, үчкө чейин 40 миң, төрткө чейин 60 миң, ал эми бештен жогоркулар 80 миң сом болуп кала берсин. Ошондо деле абдан жакшы киреше түшөт. Мына азыр эле бир жарым айда 38 миллион сом түшүптүр. Ушундай жол менен бюджетке дагы көбүрөөк акча түшмөк», — деди Сулайманов.
Белгилей кетсек, өлкөдө автоунаанын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга 23-майдан тарта уруксат берилген. Ага ылайык бир жылдык мөөнөткө жеке жактар 80 миң, юридикалык жактар 100 миң жана чет элдиктер 120 миң сом төлөп караңгылата алат.
Жалпы айтуулары: 46 дөн 1

2022 жылдын айтуулары: 1
   2022 кулжа: 1
Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!