Депутат Шайлообек Атазов 18-20 жаштагы кыргызстандык кыз-келиндерди ата-энеси менен гана чет өлкөгө чыгуусун сунуштоодо

Депутат Шайлообек Атазов 18-20 жаштагы кыргызстандык кыз-келиндерди ата-энеси менен гана чет өлкөгө чыгуусун сунуштоодо. Ал мындай пикирин 9-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ошондой эле, депутаттын айтымында, кыздарга турмушка чыккандан кийин гана өлкөдөн чыгууга уруксат берилиши керек деген ойдо.

Атазов кыздардын республикадан чыгып кетишин миграция көйгөйлөрү менен байланыштырды. Ал эми миграция кызматынан тиешелүү маалымат берүүнү суранган.

“Бул жааттагы мыйзамдарды карап чыгышыбыз керек» — деди ал

Белгилей кетсек, мындай сунуш парламентте биринчи жолу айтылып жаткан жок. 2013-жылы депутат Ыргал Кадыралиева 23 жашка чейинки кыздардын чет өлкөгө чыгуусуна чектөө киргизүү идеясын көтөрүп чыккан. Анын айтымында, аларга ата-энесинин макулдугусуз Кыргыз Республикасынан жумуш издеп чыгууга тыюу салынсын деген. Ушундай эле сунушту экс-депутат Турсунбай Бакир уулу да айткан.

Жалпы айтуулары: 46 дөн 2

2022 жылдын айтуулары: 2
   2022 кулжа: 2
Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!