Момбеков: Министрлерди кызыл китепке эле киргизип койбойлубу, сейрек кездешүүчү жаныбарлардын жанына

Бүгүн, 22-июлда ЖК отурумунда Министрлер кабинети жөнүндө конституциялык мыйзамдын долбоору боюнча баяндамачылардын даяр эместиги бир катар депутаттарды нааразы кылды. Айрым депутаттар баяндамачы — юстиция министри Асел Чынбаева орусча сүйлөгөнүнө, даяр эместигине жана суроолорго жооп бере албай жатканына нааразы болушту.

Ал эми депутат Рыскелди Момбеков “министр сүрдөп жатат дейт. Сүрдөбөсүн деп Токтайым Үмөталиеваны чакырып берелиби? Жанында олтуруп массаж кылып турсун”,- деп сөз баштады.

“Булар 9-беренеге жазып алыптыр да, министрлер кабинетинин мүчөсү мамлекеттик сыйлыгы бар болсо камакка алынышы мүмкүн эмес деп. Бул эмне деген түркөйлүк? Министрлердин баарынын жок дегенде ардак грамотасы бар да. Акылбек Жапаров КР экономикасына эмгек сиңирген…

Анан алардын бирөөнү да камакка албай турган болсок, анан кантип анан коррупция менен күрөшөсүңөр? Анан президенттин гана макулдугу менен жоопкерчиликке тартылат дейт. Биздин депутаттарды алып барып эле камап жатасыңар го, Жогорку Кеңештин макулдугу жок эле. Биротоло анда министрлер кабинетин кызыл китепке эле киргизип койбойлубу, сейрек кездешүүчү жаныбарлардын жанына жазып койболубу, сейрек кездешүүчү адамдар деп. Булар кол тийгизгенге, сөз тийгизгенге болбойт, булар акыркы экземплярлар деп. Ушундай да мыйзам болобу, алып кеткиле бул болбойт”, – деди Момбеков.

Жалпы айтуулары: 46 дөн 3

2019 жылдын айтуулары: 1
   2019 жалган куран: 1

2020 жылдын айтуулары: 1
   2020 теке: 1

2021 жылдын айтуулары: 1
   2021 теке: 1
Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!