Шайлообек Атазов: Курал берип окуучуларга үйрөтүш керек

Жогорку Кеңештин 22-июндагы жыйынында депутат Шайлообек Атазов мектеп окуучуларын согушка чейинки даярдоо үчүн мектептерге автомат берүүнү сунуштады. Андан сырткары билим берүү боюнча сунуштарын айтты.

Анын айтымында, жаштарыбыз билимдүү болсо, өлкө өнүгөт, бирок мектептерде бир катар көйгөйлөр бар. Анын ичинде окуучулар менен мугалимдердин ортосундагы чыр-чатактар ​​дагы.

«Бүгүнкү күндө мектептерде 1 миллион 350 миң бала окуйт. Быйыл 67 миң бала мектепти аяктады. «Алтын тамга» сертификатына 80 бүтүрүүчү ээ болду. Республика боюнча 2341 мектеп бар, анын 345и авариялык абалда, 400ү оңдоого муктаж», — деди ал.

Ошондой эле «Диндердин өнүгүүсү» деген предметти киргизишти. Аны ким окутаары белгисиз, ата-энелер телефон чалып, башка динге кирип кетпейби деп тынчсызданып жатышат», — деди депутат.

Ал ошондой эле аскерге чейинки даярдоо сабактарында куралдар жок экенин айтты.

«Өлкөнүн келечектеги коргоочулары автоматтары жок колу менен эле үйрөнүп жадатышыптыр. Алар менен Коргоо министрлиги биргеликте иштеши керек. Министрлик согушка чейинки машыгуу үчүн автомат берип, кийин кайра алып кетиш керек. Чек араны коргой ала тургандарды тарбиялашыбыз керек», — деди Атазов.

Жалпы айтуулары: 46 дөн 2

2022 жылдын айтуулары: 2
   2022 кулжа: 2
Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!