Тазабек Икрамов мамлекеттик кызматкерлерди расмий иш-чараларда ак калпак кийүүгө милдеттендирүүнү сунуштады

Депутат Тазабек Икрамов улуттук баш кийим – ак калпакка улуттук маданий статус берүүнү сунуштоодо. Мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Анын айтымында, ак калпак кыргыз элинин уникалдуу баалуулугу, тарыхый жана маданий мурасы катары каралат.

«Ак калпак – тоонун, аруулуктун символу. Анын формасы Кыргызстандын мөңгүлөрү менен капталган карлуу тоолоруна окшош. Кыргыздын баш кийими ысыкта күндөн, кышында сууктан сактайт. Ак калпактын түзүлүшү, анын ар бир түсү, оймо-чиймелери өзүнчө мааниге ээ. Бул маанилер элге кантип түшүндүрүлөт? Кийизден жасалган ак калпак мекенди билдирет, анын ыйыктыгын, тазалыгын түшүндүрөт. Аны кийген адам ата-бабалардын тарыхы, элдин каада-салты, маданияты менен көзгө көрүнбөгөн жип менен тыгыз байланышта. Ак калпактын ыйыктыгы ушунда. Ак калпак – кыргыз элинин материалдык эмес маданий-тарыхый мурасынын маанилүү элементи», — деп түшүндүрдү Тазабек Икрамов өз демилгесин.

Ал ак калпакка Кыргыз Республикасынын маданий символу статусун берүүнү сунуштоодо. Аны расмий иш-чараларда кийүүнү милдеттүү кылууну сунуштады.

Жалпы айтуулары: 46 дөн 1

2022 жылдын айтуулары: 1
   2022 кулжа: 1
Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!