Кыргызстандын аймактары боюнча короновирус жуктуруп алгандардын (ЖА) жана айыгып кеткендердин (АК) динамикасы

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 78 адам жаңы катталды.

Алардын 43ү — Орусиянын Соль-Илецк шаарынан кайтып келген эмгек мигранттары.

Үчөө — Санкт-Петербургдан кайткан курсанттар.

Булардан тышкары Нарын облусунда 14, Ош облусунан алты, Ош шаарында беш, Бишкек шаарында үч, Чүй облусунда үч жана Жалал-Абал облусунда бир киши катталды.

Бир сутка ичинде 23 бейтап айыгып чыкты.

Жалпысынан 18-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1216 адамдан табылды, алардын ичинен 14 бейтап кайтыш болду, 827 бейтап айыгып чыкты.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтоду, бирок өзгөчө кырдаал режими уланууда.

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!