Бүгүн парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети мурдагы президент Аскар Акаевдин арызын карады.
Эскерте кетсек, 2024-жылдын 3-сентябрында Жогорку Кенешке Аскар Акаевден Убактылуу өкмөттүн декретин жокко чыгаруу жана экс-Президент статусун кайтарып берүү боюнча депутаттык комиссия түзүү тууралуу арыз түшкөн. Документ тармактык комитеттин кароосуна жөнөтүлгөн.
Комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова бул маселе чоң талкууга жем таштаганын белгиледи.
Депутат Гуля Кожокулованын айтымында, айрым жарандардын ою жалпы элдикин билдирбейт. Убактылуу өкмөттүн компотенттүүлүгү жөнүндөгү маселени көтөрүп, мыйзам чегинде карап, депутаттык комиссия түзүү керек деди эл өкүлү.
Буга депутат Жанар Акаев каршы чыкты. Анын айтымында, Аскар Акаевдин арызын канааттандыруу боюнча чечим кабыл алынса, эл түшүнбөй калат.
“Бул маселе боюнча элдин пикири белгилүү болуп турат. Аскар Акаев башкарып турганда Аксыда ондогон адамдар атылган. Ак үйдүн алдында Шералы Назаркулов сыяктуу мекенчил адамдар ачкачылык жарыялап өлүп кеткен учурлар көп болгон. Санай берсек кемчиликтер толтура. Үй-бүлөлүк башкаруу болуп, бийликке аялы, балдары, кыздарына чейин аралашып кеткен. Эмнеге ошондой кишиге кайрадан экс-президент статусун кайтарып берип, кыргыздын төрүнө алып келип, резиденцияда багыш керек”, — деди Жанар Акаев.
Жыйынтыгында комитетте Аскар Акаевдин арызы эске алынып, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилсин, анын депутаттык комиссия түзүү жөнүндө арызын канааттандыруудан баш тартуу сунушталсын деген чечим кабыл алынды.
Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!
Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!