«Ата Мекен» фракциясы бюджеттеги түрткү берүүчү гранттарды сактап калууну сунуштады

«Ата Мекен» фракциясы бюджеттеги түрткү берүүчү гранттарды сактап калууну сунуштады

«Ата Мекен» фракциясы бүгүн, 15-майда өкмөттүн 2020-жылга мамлекеттик бюджетке өзгөртүү киргизүү жана келерки эки жылга мамлекеттик бюджетти божомолдоо тууралуу мыйзам долбоорун карады. Вице-премьер министр Эркин Асрандиев баштаган өкмөт мүчөлөрүнүн маалыматын уккан соң, фракция мыйзам долбоорун бир катар сунуштарды киргизүү менен кабыл алды.

Сунуштардын ичине чек ара аймактарын өнүктүрүүгө бекитилген акчаны, 600 млн. сом өлчөмүндөгү түрткү берүүчү гранттарга бекитилген акчаны калтыруу, сырттан мигранттарды алып келүүгө акча бөлүү жана гемодиализ үчүн 75 млн. сом бөлүп берүү маселелери кирди.

«Ата Мекен» фракциясынын депутаттары коронавирус пандемиясына байланыштуу өзгөчө кырдаал шартында мамлекеттик бюджеттин чыгашасын кыскартуу, бюджетке акча тартуу боюнча өкмөттүн маалыматын укту. Мындан тышкары бул багыттар боюнча ой-пикирлери менен бөлүшүп, сунуштарын айтышты.

Коронавирус пандемиясынан улам быйыл мамлекеттик бюджетке 30,8 млрд. сом түшпөй каларын финансы министри Бактыгүл Жээнбаева кабарлады. Анын айтымында, өкмөт бул кенемтени жабуу максатында тышкы донорлордон үч багыт үчүн 500 млн. доллардан ашуун акчаны насыя жана грант түрүндө алуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдө.

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!